Аткарылбай калган убадалар, болбой калган жолугушуулар, жетпей калган сүйүүлөр, ишке ашпай калган максаттар, сатып кеткен жакын эсептелген адамдар, бааланбай калган эмгектер, "Мына-мына ийгиликке жеткени калдым" дегенде тосулган буттар... Убагында бул нерселер үчүн канча нервдер короп, кайгырып-капаланып, кан басымдар көтөрүлүп, сахарлар көбөйүп, айтор, тагдырына таарынгандар көп эле болсо керек. Бирок, убакыттын өтүшү менен баары жакшылыкка болгонун туюп, бизди Кудай сактаган экен деп жылмайып калабыз...
Эгерде, азыр Сизде жогоруда мен санап өткөн нерселер болуп жаткан болсо, кайгырбаңыз, өлгөн нервдер кайра тирилбейт, соолуган көңүлдөр мурдагы калыбына келбейт. Өзүңүздү аяңыз. Ден соолугуңуз бир гана өзүңүзгө керек. Биздин пландарга караганда Аллахтын " планы" (буйругу) чексиз артык. Башыңызга кандай гана кыйынчылык келбесин, тобоо кылып, жакшылыктан үмүт үзбөңүз. Жашоо баары бир деле керемет...)


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев