Ош шаардык милициясынан маалымдашкандай, жетекчи Д.Асилбекова милиция кызматкерлерин аталган борбордун абалы менен тааныштырды. Учурда бул жерде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган 6 аял жана алардын 5 баласы бар.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Акылбек Бекишов баштаган милиция кызматкерлери алардын жашоо-шарттары менен таанышып, жарандык укуктары боюнча айтып беришти.
"Кандайдыр бир укук бузууларга туш боло турган болсо тайманбастан, тартынбастан милиция органдарына токтоосуз кайрылуу зарыл", - деп белгиледи Бекишов.
Татаал тагдырга дуушар болуп, бул кризистик борбордо күн кечирип жатышкан аял-балдарга милиция кызматкерлери адабий окуу китептерин, шириндиктерди тапшырышты. https://kg.kabar.kg/news/oshto-militciia-kyzmatkerleri-zombulukka-kabylgan-aialdardan-kabar-alyshty/
https://kg.kabar.kg/news/kr-tim-bashchysy-zheenbek-kulubaev-kyrgyz-oman-ishkerler-ke-eshin-t-z-n-sunushtady/ #Кабар
...Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев