Ошто милиция кызматкерлери "Ак-Жүрөк" кризистик борборунда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар жана балдардан кабар алышып, жарандык укуктары боюнча айтып беришти. Ош шаардык милициясынан маалымдашкандай, жетекчи Д.Асилбекова милиция кызматкерлерин аталган борбордун абалы менен тааныштырды. Учурда бул жерде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган 6 аял жана алардын 5 баласы бар. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Акылбек Бекишов баштаган милиция кызматкерлери алардын жашоо-шарттары менен таанышып, жарандык укуктары боюнча айтып беришти. "Кандайдыр бир укук бузууларга туш боло турган болсо тайманбастан, тартынбастан милиция органдарына токтоосуз кайрылуу зарыл"
Кыргызгидромет борбору 15-апрелде өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Маалыматка ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +17...+22, Тала соблусунда +15...+20, Баткен облусунда +16...+21, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +14...+19 градус жылуу болот. Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркү
Аламүдүн районунда өзгөчө ири өлчөмдө уурулук кылууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 13-мартта "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын жетекчилиги милицияга кайрылып, 23-25-февралда Мыкан жана Садовое айылдарынын ортосунда жер алдына көмүлгөн газ трубаларын уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Келтирилген чыгым 2 млн 970 миң сомду түзгөн. Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ошентип, милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталган, алар 1986-жылы туулган Х.Р., 1981-жылы туулган Ы.Д. болушкан. Алар кармалып, убактылуу кармоочу жайга