Даарат медицинанын көзү менен
Мусулман баласына намаз окуурдун алдындагы эң биринчи милдет - тазалык, даарат алуу. Дааратсыз намаз окууга болбойт. Даараттын эрежесинде дененин ачык жерлерин үч ирет жууп, ооз, мурун көңдөйлөрүн, бет, каш, кирпикти, кулак тешиктерин, моюн, чыканактарды жуу, бутту кызыл ашыкка чейин чыйралта жууп чыгуу намазга жасаган «визитка» десек жаңылышпайбыз. Даарат тиш-тамак ооруларын: кариес (тиштердин чириши); парадонтоз (тиштин таштары, дат басышы, кан айлануусунун начарлашы); ангина, тамактын сезгенүүсү, ириңдеши; муун, сөөк, тарамыш ооруларынын алдын алат.
Негизинен ар дайым тамак ичилип бүткөндөн кийин ооз көңдөйүн чайкап туруу көнүмүш адатка айланышы керек. Мында