Предыдущая публикация
Жаштыгымда барың, сезилбей,
Неге деймин ойду, термелей.
Жаш улгайды өргө чамынган,
Өткөн чактын ээси, кимдемей.
Эрке кыял ээрчип өзүңдү,
Өздүгүңдү чындап сүйдүмбү?
Баскан изиң кымбат сезилет,
Баасын билбес өткөн өмүрбү?
Шоктук кыял күндө бийлеген,
Кылыктансаң кантип ийменем.
Кызыгы көп бүтпөс махабат,
Кымбатымсын көңүл экчеген.
Учур экен күндө жоктогон,
Карааныңа жаным токтолом.
Жараткандан белек өзүңсүң,
Сен болбосоң анда, ким болом?
Шермамат Эрмекбаев.
19.07.2025 - жыл.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 13
Дайыма ден соолукта жургуло.
Балдардын кыздардын урмат сыйын коруп.
Алтын башыныздар аман болсун.