АПА БАЛА
Баласы
Сиз кайдасыз Апа , алтын Апам
Сагындым сизди , келесиз качан ?
Атам экөөңөр келгилечи чогуу ,
Мен чоң жолдон күтүп тосуп барам .
Апасы
Алыстамын , иштеп жатамын балам ,
Чыдагының , жакында мен барып калам .
Сагындым мен да , жытыңды кызым ,
Барганда сага , кооз көйнөк ала барам .
Баласы
Келем деп кечээ айттың го мага ,
Аппак кар сыртка жааганда Апа .
Бүгүн да туруп карадым сыртты ,
Кар жааптыр Апа , келгениң кана ?
Апасы
Каралдым балам чыдагын эми ,
Самолёт карда учалбайт деди .
Чоң Апаң менен ойноп тур жаным ,
Жаз келип кызым , кар кетсин эми .
Баласы
Апаке анда , кар кеткенде келесизби ?
Же өткөндөгүдөй Атамды жибересизби ?
Аябай сагындым , көйнөк алба