Тиктеп койсом кашын серпип карадың,
Кара көзүм бир жылмайып карагын.
Жаркыраган чырайына тигилип,
Кыялым да сен деп учуп жанамын.
Күлүп койсом наздуу тиктеп карадың,
Сага деген ачтым сүйүү барагын.
Сырдашканы жакын барсам жанына,
Уянсырап сылык сөзүң аядың.
Кара кундуз тармал чачын өрүлгөн,
Көрөр замат түркүн ойго чөмүлгөм.
Кулуп турсан жүрөгүмдү багынтып,
Кантип сени сүйбөй өтөм өмүрдөн.
Башка жигит карек салып караса,
Кызганамын токтоно элек балача.
Томсоромун сырттан карап буулугуп.
Бирө эгер жүрсө сага жанаша.
Жол бербеймин колдон келсе андайга,
Жагынууга жаным сага барбы айла.
Жароокерим бир болоорбуз өмүрдө,
Жаратканым жазган болсо мандайга.
Автор. Камчыбеков. Азиз


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 30