Эл аралык издөөдө жүргөн, кыргыз бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Азербайжандын баш калаасы Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилгенин “Азаттыктын” ишенимдүү булактары маалымдады.
Жергиликтүү басылмалар дагы Райымбек Матраимов менен кошо бир туугандарынын бирөө кармалып, Бишкекке алып келингенин күч органдарындагы өз булактарына таянып жазышты.
Flightradar порталы көрсөткөндөй, Бакудан чыккан учак "Манас - 2" аэропортуна саат 20.00дө конду. “Азаттыктын” аэропортко барган кабарчылары аба майданга күч органдарынын кызматкерлери түшкөн машине келгенин, учак конгон соң тилкени көздөй кеткенин көргөн. Бир саамдан кийин ал машине аба майдандын дарбазасынан чыгып, түз эле шаарды көздөй бет алган.
Азырынча кыргыз бийлиги эч кандай комментарий бере элек.
https://www.azattyk.org/a/32878311.html
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев