КЕЧИР АЛЛА
Өмүрдү артка шилеп,кетип алга,
Өзүмдү багыштай көр эси барга.
Жашоомдо жаңылыштык арбын менин,
Жан дүйнөм ооруп турат кечир Алла!
Акылым жетпей шүгүр дешим барга,
Акча үчүн кылдым экен не бир арга.
Аңдасам көп көңүлдү оорутупмун,
Ааламым тарып турат кечир Алла!
Канчалар жетпей жүрөт кесим нанга,
Нараазы болдум кээде жер үй,тамга.
Колунда жокко коко тыйын бербей,
Кор туттум көп нерсени кечир Алла!
Окубай намазымды кечи,танда,
Окшобой уяты же бети барга!
Ойлобой акыретти жүргөнүм чын,
Оордугу тоодой күнөөм кечир Алла!
Ырыскыңа кылбайын кесир Алла,
Ыплас ойду оюмдан кетир Алла.
Суусап турам ыйманга, жолуна сал,
Суранамын ,суранам кечир Алла!
Ав:Гульниза Эргешова
КЕЧИР АЛЛА
Өмүрдү артка шилеп,кетип алга,
Өзүмдү багыштай көр эси барга.
Жашоомдо жаңылыштык арбын менин,
Жан дүйнөм ооруп турат кечир Алла!
Акылым жетпей шүгүр дешим барга,
Акча үчүн кылдым экен не бир арга.
Аңдасам көп көңүлдү оорутупмун,
Ааламым тарып турат кечир Алла!
Канчалар жетпей жүрөт кесим нанга,
Нараазы болдум кээде жер үй,тамга.
Колунда жокко коко тыйын бербей,
Кор туттум көп нерсени кечир Алла!
Окубай намазымды кечи,танда,
Окшобой уяты же бети барга!
Ойлобой акыретти жүргөнүм чын,
Оордугу тоодой күнөөм кечир Алла!
Ырыскыңа кылбайын кесир Алла,
Ыплас ойду оюмдан кетир Алла.
Суусап турам ыйманга, жолуна сал,
Суранамын ,суранам кечир Алла!
Ав:Гульниза Эргешова