Асманга көтөрүлүп кайра куладым,
Жараткандан чексиз бакыт сурадым.
Түшүмдө алыс жакты көргөзгөндөй,
Турбастан ошол жака жол уладым.
Аалам сенде кеңири тор жаткандай,
Бүтпөс арман өзүмө эле баткандай.
Бакыттын ачкычын кайдан аламын?
Табылса кана дүкөндөрдө саткандай.
Мүңөзүмдүн оорун тартып түтпөсөм,
Эмне кылам дастан жазып бүтпөсөм.
Дайрадай өмүр узак көрүнгөн менен,
Дайынсыз учуп убакыт мени күтпөгөн.
Жөн гана жашагым келет бактылуу,
Изин таппай издеп келем убактылуу.
Изин суутуп жашырып кайда кетти?
Кыйналсамда табам сени жаш сулуу.
Сулуу дедим жашоо бизге сулуу го,
Ар бир мүнөт секунд баары улуу го.
Баркына жеткендер жетип жашайт,
Аалам жылыса ички дүйнө жылуу го.
Автор: Эрмек Исмаилов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1