Бекем карма колумдан эч кой бербе,
Суранам башканын сөзүнө оой бербе.
Түбөлүк мендик болом десең эгерде,
Туш келген ушак сөздөргө жол бербе.
Кам кор болойун сени дайым сүйөйүн,
Бир карашын дан сезиминди билейин.
Махабаттын каймагынан бирге татып,
Кайда болсоң жанында мен жүрөйүн.
Турмуш бизди сынаса мейли сынасың,
Биздин көңүл менен сүйүү сынбасын.
Максаттарга жетелешип бирге баралы,
Акча, атак даңк сыйыбызды бузбасың.
Мен азыр эч нерсеси жок жигитмин,
Бир багытты көздөгөн ойду күлүкмүн.
Сабырдуулуктун сүрүн сактап өзүмө,
Кыялы учкан асмандагы булутмун.
Шашпагын баардык нерсеге жетебиз,
Алдыга умтулуп бийиктике кетебиз.
Асылым колумду бек карма кой бербе,
Сен мага мен сага сүйүүгө бекембиз.
Автор: Эрмек Исмаилов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2
Кармашып бирге басканың.
Коё бербейт колуң жеңекем,
Көңүлгө алып башкасын.