Жетинчи бөлүм...
Акыркы бөлүм...
Врач:
Оорулуунун жакыны ким?
Мирлан:
Мен.
Врач:
Жүрүңүз мени менен деп бөлмөсүнө алып кирди.
Мирлан:
Фатима кандай, ден соолугу жакшыбы?
Врач:
Сиз кимиси болосуз?
Мирлан:
Мен бир тууган агасы болом.
Врач:
Карындашыңдын абал өтө оор.
Сага кантип түшүндүрсөм, жөнөкөй тил менен айтканда, жүрөгүндө жара сыяктуу бир нерсе бар.
Мындай ооруну карындашың жеңе албаш мүмкүн.
Биз колубуздан келгенин жасадык, калганы
Кудайдан. Бул сөздөрдү укканда башым маң болуп сыртка чыктым. Али байке жанымда чуркап келип,
Али:
Мирлан эмне болду? Деп тынчсыздана сурады.
Мирлан:
Фатиманын абалы оор жашап кетүүсүнө толук ишеним жок экен.
Али:
Андай дебе, жакшы ниет кыл.
Сен мечитке барып намаз окуп, дуба кыл. Андан кийин үйгө барып эс ал, тынчтан.
Мен бул жерде болуп турам, баары жакшы болот.
Ошентип мен ооруканадан чыгып кеттим.
АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТУУ...
Жума күнү эрте менен телефонума коңгуроо келди,
Мирлан:
Ало!
Али:
Ассаламу алейкум, Мирлан Кандайсың, жакшы эс алдыңбы?
Мирлан:
Баары жакшы, Фатиманын абалы кандай?
Мен азыр баратам.
Али:
Келсең сүйлөшөбүз, тезирээк кел.
Бул сөздөн кийин бир жамандыкты сезгендей тынчсызданып,
Жүрөгүм бат-баттан сого баштады.
Оорукананын астынан Али байке мени күтүп алды.
Мирлан:
Али байке, эмне болду, тынчылыкпы, Фатима кандай?
Али:
Мирлан иним, өзүңдү карма! Тагдыр экен,
Аллах берүүчү жана берген нерсесин кайра алуучу Зат.
Фатима эрте менен саат бештерде жан берди.
Бул сөздөрдү укканда көз алдым караңгылап, жаман болдум.
Ата-энем жаш кезимде каза болгонунабы?
Айтор мынчалык кайгырган эмес элем.
Жүрөгүм кан жалап, сай сөөгүм сыздап кетти.
Көзүмдөн ыктыярсыз жаштар агып жатты.
Мирлан:
Билесизби, Али байке Бир жума мурун
Фатима экөөбүз сүйлөшүп олтуруп, ал мага айткан эле:
«Байке, акчаңызды топтоп кызыл көйнөк алып бериңизчи».
Билесиңби, Али байке?
Фатима эң жөнөкөй өңү өчкөн көйнөк кийип өтүп кетти.
Бала кезде кыялданган кооз, кымбат кийимдерди да кийе албады.
Мен азыр аны эл катары карай албадым деген арманымды айтып жаттым.
Ошентип Фатима 18 жаш курагында дүйнө менен кош айтты.
Мен Фатиманы жерге жашырып, мындан аркы жашоомду жалгыздыкта өткөрө баштадым.
Намаздарым да, мечитке каттоом да калып калды.
Эки жума эч ким менен сүйлөшпөдүм, үйдөн да чыкпады. Телефонумду да өчүрүп салдым.
МИРЛАН ДА БУЛ ДҮЙНӨДӨН КЕТҮҮНҮ КААЛАЙБЫ?
Мен дүйнөдөгү жалгыз карындашым Фатиманы акыркы сапарга узаткандан кийин, жашоонун кызыгы да калбай калды.
Күндөрдүн биринде өзүмдү басуу максатында базардан эки метр жип сатып алдым.
Бирок, бир жолу карындашымдын бөлмөсүн көрүп коёюун деген ниет менен
Фатиманын бөлмөсүнө кирдим.
Анан кокусунан эле ушу күнгө чейин жыйналуусуз турган Фатиманын төшөгүнө көзүм түштү.
Жок дегенде ушул төшөктү жыйнап коёюн деп төшөктү көтөргөндө бүктөлгөн барак түштү.
Көрсө Фатима кат жазууга жетишкен экен.
ФАТИМАНЫН КАТЫ...
БУЛ КАТ КАРЫНДАШЫ ФАТИМАДАН БАЙКЕСИ МИРЛАНГА...
АССАЛАМУ АЛЕЙКУМ!
Байке менимче бул оорудан айыгып кетүүмө көзүм
жетпей турат.
Менин жээр тамагым, ичээр суум түгөнгөн көрүнөт.
Эмнеси болсо да бардык нерсе Аллахтын колунда.
Байке мен бул жашоодо эле катары тамак түрлөрүн жебегениме, эл катары каалагандай кийим-кече кийбегениме, эл катары жашоо өткөрбөгөнүмө капа жана нааразы эмесмин.
Эгер менден Аллах ыраазы болгон болсо,
булардын баары мага маанисиз.
Байке, мен сизге ыраазымын. Сиз мага атадай мээрим төгө алдыңыз!
Бул сөздөрдү айтууга тилим барбады.
Ошол себептүү кат иретинде калтырып жатам.
Байке, Менин сизден өтүнүчүм!
Эгер менда бул дүйнөдөн кайтышы болсом, ар намаздан кийин менин кечирилүүм үчүн Аллахтан сурап жалбарыңыз.
Ошондой эле атам-апама да. Билесиз, дүйнөдө бизди эстеп, дуба кыла турган сизден башка жакыныбыз жок.
Биз сизди Аллахымдын сөзүн жаттаган каарылар жана акырет аалымдарынын катарында келүүңүздү чыдамсыздык менен күтөбүз...
СҮЙҮКТҮҮ КАРЫНДАШЫҢЫЗ ФАТИМА...
Карындашымдын бул катын окуп, аябай таасирлендим.
Мечитке барбай, намаз окубай койгонума да өкүндүм.
Фатима чында эле өтө акылдуу болгон экен.
Өз жанынма кол салуу оюумдан кайттым.
Ата-эненин, бир тууганды жоготуу жана аларсыз өмүр өткөрүү канчалык оор болсо да жашоого бел байладым.
Ошентип мен жашым өтүп кеткенине карабастан илим жолуна кадам таштап алыс сапарга бет алдым...
КЕЛЕЧЕКТЕ ЭМНЕ БОЛООРУН ЭЧ КИМ БИЛБЕЙТ...
Мен ойлогон келечегим таптакыр башка болуп чыкты.
Мен менин эч кимим жок, мен жатиммин, менин эч кимге керегим жок деп ойлочумун.
Бирок таптакыр андай эмес экенин түшүнүп жеттим.
Мени жараткан Аллахым таштап койгон жок.
Мына бүгүн илим жолунда сегиз жыл жүрүп келдим.
Кудайыма шүгүр, алдымда келинчегим, үйүм унаам бар
Жараткан Аллахым илимдин, динин берекетинен мага ушунчалык даража берди.
Ал даражаны мага эч ким бере албайт.
Мен бактылуумун.
Мен жетимдик бактысыз болуу дегендик эмес экенин түшүндүм.
Бирок урматтуу мусулман бир тууганым жетимдин жашоосун аны кайгысын, жети болуп көрсөң түшүнөсүң.
Ооба, мен жаштыгымда бала жетелеп бараткан ата-энени көрүп ата-энемдин мени да жетелешин самайт элем.
Мына бүгүн ата-энемди жерге бергениме 26- жылдын жүзү болуптур.
Ал эми сүйүктүү карындашым Фатимага 8 жыл.
Мен сегиз жыл алдың бул жашоону элестетекен эмес элем.
Бирок дин жашоосу адамды кордук, тардык кыйынчылык жашоосунан куткаруусун түшүндүм...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1