Алтынчы бөлүмү...
Жүрөгүм эң эле таасир бергени бул сөз болду
Урматтуу мусулман бир туугандар, билесиздерби?
Азыркы күндө канчалаган аталарыбыз, апаларыбыз, досторубуз муздак жерди кучактап сооп үмүт кылып жатат.
Сиз менен биз ошолорго Куран окуп, сообун багыштадыкпы? Бул сөздөрдөн кийин, чындыгында бул жалган жашоого жаралган максатымды анык түшүндүм.
Ата-энеме канткенде пайда сооп, жеткире алам?
Канткенде Аллах менден ыраазы болот деген ой пайда болду.
Ошентип мечиттен чыгып жаткан кезде, Ал байке мага намаз китебин, теспе, миск белек кылды.
Бир аз акча да берди.
Үйгө келсем карындашым кабатырлнып жаткан экен.
ФАТИМА:
Ага, кайда жүрөсүз? Мынчалык кеч келчү эмес элеңиз го, сизди ойлоп санаам кетти?
МИРЛАН:
Жаным карындашым, бүгүн өтө жагымдуу окуя болбодубу?!
Билесиңби, мен мечитке бардым.
Ал жерден даарат алып намаз окуганды үйрөндүм,
жашоого эмне үчүн жаралганбызды түшүндүм.
Сен да намаз окуганды үйрөнүшүн керек.
Мына бул китептен намазды үйрөн. деп китеп менен таспини карындашыма бердим.
Акылдуу карындашым дароо түшүнүп, акыретке болгон пикири ойгонду.
ҮЙДӨН ЖАРКЫРАГАН НУР...
Күндөрдүн биринде жумуштан келсем, адатынча карындашым эшик ачып тосуп алды.
Күндөгүдөн башкача,
Хижаб кийип, жүзүнө нур төгүлгөн карындашым Фатима эшик астында туруптур.
Ушундай сулуу, акылдуу, нурлуу карындашым менен сыймыктанып, Аллага чексиз шүгүрлөрдү айттым.
Жаным жай алып, жүргүм тынчтанып, жашоого жаралганыма ыраазы болдум.
Карындашым экөөбүз беш убак намаз окуп, үйүбүзгө жүрөгүбүзгө динди орноттук.
АЛДЫДА ДАГЫ БИР СЫНОО...
Эрте менен Фатима экөөбүз дасторкон үстүндө тамактанып жаткан элек.
Мен анын бышырган тамагын мактап,
МИРЛАН:
Сен жасаган тамактын даамы, апабыздын бышырган тамагына окшош. Таң калып жатасыңбы?
Ал кезде жаш болсом да,
Апам жасаган тамактын даамы алигиче оозумда...
Менин сөзүм бүтө электе кокусунан Фатиманын
Мурдунан кан ага баштады.
Карындашым дароо сууга чуркады,
Мен артынан бардым,
Кандайсың? Жакшы элесиңби же ооруканага баралыбы?
ФАТИМА:
Жок, мен жакшы элемин. Сиз жумушуңузга бара бериңиз.
Мен эч нерсени ойлобой жумушума кете бердим.
Аттиң ушул сүйлөшүүм акыркы жолу экенин билгенимде кана эле?!
АКЫРКЫ МҮНӨТТӨР...
Кечкисин жумушумду бүтүрүп, кийимимди которуп,
Телефонумду карасам карындашымдан 7, 8 жолу кабыл алынбаган чалуу болуптур.
Таң калып кайра чалдым.
Бирок, байланыша албадым.
Эрте мененки окуя көз алдыма тартылып туруп алды.
Коркконумдан атылган октой үйгө жөнөдүм.
Карындашым адаттагыдай эшик ачып күтүп алат деп тилеп келе жаттым.
Аңгыча үйгө да жетип келдим. Бирок карындашым эшик ачпады. Фатиманын бөлмөсүнө чуркап кирдим.
Абалы өтө оор экенин көрдүм. Жаткан жеринен тура албайт.
Дароо Али байкеге чалып, абалды түшүндүрдүм да,
Фатиманы тез жардам менен ооруканага алып келдик.
Аны текшерүүдөн өткөрүштү.
Бул көп убакытт талап кылды.
Биз көпкө күттүк.
Акыры чыдамым кете баштадым, жаныбыздан өткөн ар бир ак халатчандан карындашымдын абалын сурап жаттым Бир убакта врач чыкты да...
УЛАНДЫСЫ БАР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2