"-Сен”.
Жылмайсан Жан дуйномо булук салып,
Кайдыгер кундорумо умут жанып..
Сен учун гана жашап калган сыймын,
Туйшугум бул жашоонун унуткарып.
Карангы дуйномду сен жарык кылдын,
Дем бердин, арзуу сырын анык кылдын.
А бирок мендигинди ачык айтпай,
Жообунду коп куттуруп зарыктырдын.
Аллахым берсе экен сендей жанга,
Узун омур жакшылыкка жанаша.
Азырынча балабызбы ким билет,
Балким эртен тан атат да кеч кирет.
-------+---------+-------+---------+---------+
Карысы, акыл айтып жаштарына,
Коз салса, туздоп, ийри басканына,
Биримдик, ынтымагы сыйы менен
Билгени, улгу болсо аксагына.
Чырдашып чыр добого чыгып алып,
Чындыкты, чыркыратып жыгып алып,
Чондорун калыстыктан кетип жатса,
Чырпыгын коктойбу аны угуп алып?
Тындабай созун билгин аксакалдын,
Тынсынып, тагдырынды ташка салба
Жашынмак ойноп, ырын-чырын менен
Жанылып, Жан дуйнондон ачка калба/?!
Жалгыздын жандап жургон карааны бол,
Жакшынын, жол корсотуу кадамы бол,
Эскерип, эмгегинди баалай турган,
Элиндин сыйлап куткон адамы бол.
(((+Мырзайым+)))
Чон бакытка толбосо да кучагым,
Мен асмага периштедей учамын.
Кутуп журом умуткорум кусамын,
Жузум кулку, журогумдо мунум бар!
Жылмаюмда ишеничтин нуру бар.
Кайгырсамда жылмаюумду жоготпойм,
Кээде кызык эч нерсени тоготпойм.
Кээде ыйлап журок кысып сыздап токтобогон,
Жаштыгын башкаларга окшобогон,
Кусаланып токто деп жалынсан да,
Таш боор тагдыр сагынчынды ойлобогон..
Убакыт аз,бул омурдо куштай учкан,
Ал тездиги канча адамдын ишин бузган.
Ыза кылып, таарынтып алган болсок,
"Кечир,дос "-деп сурашалы тентуштардан.
Оорутпайлы журогун суйгон жардын,
Кетирбейли уйдун кутун, жашоо шанын...
Канча жолу боорго кысып токтото алдык,
Биз алардын ун катпастан токкон жашын.
Бир кун келет, балким жалгыз калабыз..
Анда кантип мумкунчулук табабыз,
Оз маалында барктай билсек омурду,
Мына ошондо жашоо даамын татабыз.
Таза журок, тунук ойго дос болсок,
Мына ошондо Далай кырды ашабыз.
Баарына бирдей тиешеси бар....
((Мырзайым))
Бар омурун балдарына арнаган,
Сендей таза, сендей аруу барбы Адам?
Сенин ыйык караанына сыйынып,
Сыйкыры бар создоруно арбалам.
Сендей мээрим жалгыз гана кундо бар,
Сен бар учун ушул сулуу дуйно бар.
Баарыбызга бакыт сурап кудайдан,
Бата тартат нур жузуно кундо ал.
Жатса, турса жакшылыкты тиленет,
Журогунон от мээримин жиберет.
Силер барда жер устундо энелер,
Токтоно албай кайгы дагы тугонот.