МЭЭРИМ
========
Апам өтүп кеткенден кийин туугандардын жакшылыктарына көп барчу болдум , мурда апама таянат окшойм ,анча маани деле берчү эмесмин. Ошондой тойлордун бирине барып ,той өткөрүп жаткан эжем экөөбүз сүйлөшүп отурганбыз ,анан эле,бир жаркылдаган жаш келин улам чайыбызды сурап ,"апа,
оорубай элесизби?"- деп сурап ,тез-тез кабар алып турду.Аны менен эле жарышып, бейтааныш жигит кирип ,акылдашып чыгып кетет.Эжемин балдарын сыртынан болсо да таанычумун ,"бул ким?"десем,
капа кылып аламынбы деп ойлонуп жатып, суроого мажбур болдум.
- Ии,сен чын эле тааныбайсың, мурда көп келбейт болчусуң да.Менин уулум ,анан келиним-деп,күлүп койду.
Мен билгенден эки уулу,бир кызы бар эле,ү