Атама
Өзүң жок ата өстүргөн багың аралап
Бул көктөм сизсиз өтүүдө журөк жаралап
Айтылган ар бир сөзүңүз турат жаадымда
Ошондон алам күч-кубат жана канагат
Тирүүлүк өтөт бир татым балдай ооздогу
Түбөлүк дүйнө түйүнү жүрөк козгоду
Атадан артык байлык жок экен чынында
Жоготуп сизди жан дүйнөм жаман боздоду
Аралап багын бейиште болсун ордунуз
Өмүрү өрнөк мен үчүн устат болдуңуз
Ак көңүл жумшак мееримдуу сиздей атадан
Кантели арман айрылдык орду толгусуз
Р.А