Автобустун ичинде жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар кетип бара жатышты. Бул түгөй шаардагы башка жаштардан кичине айырмаланып турду. Жаздын керемет таңында жигиттин келинчеги башына жакшынакай кылып ак жоолугун салынып алган. Бир маалда эле жашы кырктарды чамалап калган жүргүнчүлөрдүн бири жигитке: - Эй, жигит, мен сенден бир нерсе сурайын дедим эле. Сен капа болбойсуңб? - деп кайрылып калды. - Сураңыз байке, сизди эмне кызыктырат? - деди жаш жигит. - Өзүң жакшынакай эле жигит экенсиң. Келинчегиң да дурус окшойт. Ушундай жакшы заманда, элдер космоско каттап, илим далай нерсеге жетишип калган маалда сен өмүрлүк түгөйүңдү ысыка карабай думбалап кийинтип койгонуң кандай? Мына карачы менин аялымды. Ал