Түрлөп кийип, түйшүк эмне билбегем,
Түрүмдү оңдоп, тирүүлүктө бүтпөгөн.
Турмуш мага түптүз чийген сызыктай,
Түк ойума, түнт болоорум келбеген.
Кенен ойлоп, келечекти күтпөгөм,
Кежирленип барган сайын күүлөнөм.
Кесе айтып, тагдырыма канча ирэт,
Кесирленип, кээде жаман сүйлөгөм.
Катаал тура көрсө турмуш сабагы.
Козгоп улам жүрөктөгү санааны,
Керсең деген, келбетимди табалбай,
Келди эсиме, кесирленген баягы.
Суй жыгылдым өкчөй албай сакамды,
Суудай актым, таппай анан чамамды.
Сансыз ойдун саздагынан чыгалбай,
Саргайатго улам өмүр барагы
Бакыт Конокбаев