Итин чөп жеп ишиң жүрүп алдыга,
Турса колуң жетип асман,булутка!
Омурткасы сыздап сени төрөгөн.
Унутпагын Энекеңди унутпа!
* * *
Пул көбөйүп катта сүйлөп баарына
Москвалап үй-бүлөңдү курутпа!
Ширин ширин балдарыңдын апасы,
Унутпагын..Аялыңды унутпа!
* * *
Орус катын же өзүңдөн он беш жаш
Бир эжеге "тийип" намыс курутпа!
Кыргызымдын жигитисиң калпактуу.
Сөз тийгизбе КЫРГЫЗ деген улутка!
Эне-десе Энекемди сагындым.
Эчак эле өзум ата болсом да.
Өмүрүнү узун кыл деп уктарда.
Жаратканга дуа кылып жалындым.
***
Эне-десе..балам уйдө апасын.
Эстеп мен да өз Энемди сагынам.
Көрсө ушул жалган жашоо дуйнодо.
Эне-деген бийик экен баарынан.