Предыдущая публикация
Өзүм билбей кетип жүргөн катаны,
А сен жазбай каптап алган капаны.
Тирүүлүктүн шаңы кетти ортодо,
Токтогондо кат беришип,кат алуу....
Сүйүү күчөп азабымдын доору кең.
Жакшы-жаман күндөрүмдүн жолу тең.
Жазган ар бир саптарыма катарлаш,
Чындап эле....унуттуңбу мени сен?.
Өчкөн номур улам-улам терилип,
Көздөрүмө өзүң турдуң көрүнүп...
Ошол күнү сезген элем кантейин,
Махабатка калганымды жеңилип.
Чалсам өчүк ошол бойдон жанбады,
Күттүм...түттүм кайра мага чалбады.
Мен да бүгүн номурумду өчүрдүм,
Чалып-чалып түңүлгөндүр ал дагы..
Эми бүтпөйт жүрөгүмдүн арманы.....
Бактияр Султанбеков


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 11