ЖҮРӨК АРУУЛАП
Батына албай, карайсын мени уурдана,
Элжиреп турат, ээлигип жүрөк булкуна.
Өзүмдүк кылып, кызганып ээлейт көздөрүн,
Айталбай жүргөн, сөздөрдү жазып муңкана..
Тиктешип көздөр, түшүндү жүрөк сырларын,
Каректен окуп, нур чачкан арзуу ырларын.
Көз ирмем караш, жетелеп бизди заматта,
Серпилтти сезим, сездирип сүйүү жыргалын..
Тарта албай карек, ойлорго ойлор жанашып,
Көз ирмем турдук, кыдырып аалам адашып.
Жагымдуу маанай, тартуулап аста жылмайып,
Бүтпөсүн мүнөт, туралы жакын санашып.
Керемет мүнөт, керемет сезим тартуулап..
Койгондой болду, тазалап жүрөк аруулап..
Каректе нурун, черткилеп жүрөк кылдарын,
Ойготту сезим, , арзуусу менен дарылап.