ЖАЛГЫЗ УУЛУМДУН ОПЕРАЦИЯСЫНА АКЧА ЧОГУЛТАМ ДЕП ТИЛЕМЧИЛИК КЫЛЫП КАЛДЫМ»
№748 3-9-март, 2017-ж.
"Учурда бир эмес, эки көйгөйдү чече албай жүрөм. Бир жагынан жалгыз уулумдун операциясына акча чогулта албай жатсам, экинчи жагынан батир азабынан тажадым",- деп кайрылды Айсада Жумабаева аттуу каарман. "Үйүм 2 жыл мурун кошунамдыкынан чыккан өрттөн улам жараксыз болуп калган. 21 жаштагы балам Арген эки бөйрөгү жабыркагандыктан анын операциясына тилемчилик кылып, кайдигер карабаган адамдардан жардам сурап жүрөм",- дейт ал. Үмүттүү караган каармандын көздөрү зээнимди кейитти. Башына оор сыноолор келгенине карабай карманып, кайраттуу жүргөнүнө баа бердим.
"АКЧА ТАБАМ ДЕП 19 ЖАШЫНДА ОР