Ушунун баары биз анча көңүл бурбаган омуртканын оорусунан улам келип чыгат дарт экен.
- Акыркы жылдары жаштарды айтабызбы же улуу муунду айтабызбы көпчүлүгүнөн "грыжам бар" дегенди угуп калдык.
Негизи эле грыжа деген эмне?
- Грыжа – адамдын омуртка тутумундагы кемирчектин оорусу болуп саналат. Ал остеохондроздон улам пайда болот. Остеохондроз деген омурткалардын ортосундагы кемирчектерде зат алмашуунун бузулушунан келип чыгат. Мисалы, компьютерде көп олтуруп, бир ордунда жылбай олтурган адамдын омурткаларында зат алмашуу бузулуп зыян тартат. Эгерде моюн, бел омурткаларында остеохондроз болгон болсо кемирчек зыян тартат. Жети моюн омурткасы бар. Ошолордун ортосунда пайда болгон кемирчектер моюн омурткасынын грыжасы деп аталат. Беш бел омурткасы бар. Ошол бел омурткасында кемирчек чыгып кетсе бел омурткасынын грыжасы деп аталат.
-Грыжанын дагы түрлөрү бар
-Негизи бел омурткаларындагы грыжа, моюн жана көкүрөк омурткаларынын грыжасы болуп бөлүнөт. Алардын арасынан бел омуртка грыжасы
басымдуулук кылат. Андан кийин моюн омурткасынын грыжасы. Классификациясы боюнча эң көп. Негизи эле акыркы 10 жылда грыжа оорусуна чалдыккандар көп. Себеби учурда бул илдетти аныктоого бардык шарттар бар. Мурун бул илдетти көбүнчө радикулит деп аташчу. Ошондуктан мурунку жылдарга караганда азыр грыжаны так аныктоодон, көп чыгып жатат.
- Грыжанын пайда кылчу себептер.
- Азыркы учурда кара жумуш менен иштегендер көп болууда. Ошондой эле туура эмес тартипте иштеп жатабыз. Бул деген убакыт-саатына көңүл буруу деген жок. Анан оор жүктөрдү туура эмес көтөрүп, физикалык жактан кыйналган кезде көп пайда болот. Ал эми жаштарда кыймыл жок болуп калды. Спорт менен машыгуу деген түшүнүк жоголуп барат. Тигүү цехтерде, компьютерде кечке олтурушат. Ошол мезгилде омурткага салмак көп түшүп, грыжаны пайда кылат. Кыймылдын жоктугунан семирүү дагы көйгөйгө айланды. Бул дагы грыжаны пайда кылуучу фактордун бир себеби десек болот.
- Грыжасы бар бейтаптардын басымдуу бөлүгү өтүшүп кетиптир, билбей жүрө бериптирмин дешет.
- Башталган кезде эле байкаганга болот. Алгач бели ооруйт. Дарыгерге кайрылбай жүрө берсе, буттары ооруп баштайт. Буттун арткы тарабынын тарамышы тартышып ооруйт. Айтылгандар байкалганда эле адиске кайрылуу зарыл. Моюн омурткадан кармаган грыжа болсо, адамдын колдору чымырап, уюп, талып, көтөрүлбөй, баш оорусу күчөйт. Эки колдун эти шылына баштайт.
Көкүрөк омурткадагы грыжадан улам жүрөк кысылат. Эгерде кардиологго кайрылууда жүрөк таза чыкса, анда туура так диогноз коюлуп, невропатолог дарылайт. Андыктан компьютердик томографиядан өткөндөрү туура. Бел омурткасындагы грыжа үч этап менен өтөт. Кысылган нервден улам бутка кан аз кетүү, башкача айтканда кан аркылуу азык өз өлчөмүндө жеткирилбей бут арыктап, сөөктөр кичирейет. Кургап, өзгөчө буттун баш бармагы жансыз боло баштайт. Бут, бел, жамбаш сөөктөр ооруйт. Жыныстык жактан, сийдик бөлүп чыгаруу органдары жабыр тартат. Бели ооругандар бөйрөгүм деп ойлонуп урологго баргандар да болот. Ал дарылануудан 4-5 жылга чейин басылып калат да, бул аралыкта бутка түшүп, нерв кысылып анан баспай калууга, майыптыкка алып келет.
Компания Форевер Алоэ вера сиздерге таза, ар бир клетка менен кирип иштеген продукция тартуулайт. 5-июньдан баштап жаңы бомба муун ооруларына, грыжа ооруларына Мув жаны продукция чыкты. Мув 7кундо результат берип атат. Аябай күчтүу продукция. Грыжага эмне ичсениз болот. Фридом,
Мув, Натурмин, кальций, Арктическое море, Абсорбент с, актив ха, МСМ крем.
+7968 8519387ватсап


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1