Белгилүү болууң үчүн айланаңда көп досторуң болуусу шарт эмес. Анткени, арстан жалгыз жүргөн учурда да арстан. А кой топ-топ, короо-короо болуп жүргөн учурда да кой бойдон кала берет.
Чыпалак, аты жок, ортоңку жана сөөмөй колдор бири-бирине жакын жайгашкан, ал эми баш бармак чыпалак жана аты жок бармактан алыс жайгашкан. Эң кызыгы төрт бармак биригип баш бармаксыз эч нерсе кыла албайт. Ишенбесең баш бармаксыз жазып же кийимиңдин топчусун өткөрүп көр! Эсиңде болсун, айланаңда жүргөн пайдасыз көп доско караганда, алыста болсо да сага пайдасы тийген, сени сыйлаган жана сага чыныгы достугун арнаган дос жакшы. Чыныгы дос-кыйынчылыгыңды жеңилдетип, кайгыңды бөлүшүп ийгиликтериңе кубанган дос.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты: "Ким кичүүлөрүбүзгө ырайым кылып, чоңдорубузду сыйлабаса бизден эмес".
Улууга урмат кичүүгө ызат.(макал).
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев