КҮЙӨӨМДҮН АЯЛЫ.
Экинчи аял. Бул сөздөр капысынан чак түштө күн күркүрөгөн сымал, буркан-шаркан боло түштү. " Ага экинчи аялдын эмне кереги бар? Мен ага татыктуу аял эмесминби? Эч качан! Мен эч качан экинчи аялын кабыл кылбайм. Эгер, сен экинчи аял кааласаң, сен аны тапсаң болот, бирок, билип кой, бул үйгө менин бутум кадам басып келбейт "..
Ушул сөздөрдү мен бир топ жыл мурда, күйөөмдүн экинчи жолу үйлөнөөрүн укканымда айткан элем.
Ал жакында гана төрт баласы менен күйөөдөн ажыраган келин болчу. Күйөөм, анын акчасы жок кыйынчылык тартып, балдарын кантип камсыз кылаарын билбей, оор жашоодо экенин айтты. " А алардын атасы кайда? Өзүнүн балдарын камсыз кылуу анын милдети эмеспи? Эмне үчүн башка адам, бирөөнүн түйшүгүн өзүнө алыш керек? " - деп, күйөөмдөн сурадым. Аны аялдыкка албай деле, акча менен жардам кылууга мүмкүн го.. Мен өзүмдү көп аялдуулуктун ордуна койуп, элестете алчу эмесмин. Өзүмдүн күйөөмдү башка менен бөлүшүп, анын кантип башканы кучактап, сүйүү сезимдерин кулагына шыбырап жатканын ойлогонумда эле, табым качып, өзүмдү жаман сезип кетээр элем. Мен ага кылган жакшылыктарымдан кийин, ал кантип мага мындай мамиле кылат? Мен ага аялы, ойношу, балдарына эне, үй кожейкеси болуп, татынакай үч баланы төрөп бердим. Ал кантип мени татыксыз аял деп кемсинтип, башка аялга үйлөнөт?
Жок! Мен эч качан муну кабыл алалбайм жана бул суроо боюнча мен өз пикиримди ачык айттым. Эгер ал аял, бул үйгө кадам кылып кирсе, анда мен кетем! Жөнөкөй жанан түшүктүү. Эгер, ал биздин үй-бүлөнү, биздин жашоону, биздин балдарды башка аял үчүн жоготууга даяр болсо, мейли. Бирок, менсиз!..
Бул көп жыл мурда болгон. Анда мага жашоо түбөлүктүү жана эч бир өзгөрүүсүз сезилген. Көрсө, эч нерсе мурдагыдай тура бербейт экен. Менин күйөөм, ал аялга үйлөнгөн жок. Менин эскертүүмдөн жана кетем деген коркутууларымдан кийин, ал өз оюнан кайтты. Тиги аялдын жана анын балдарынын жашоолору кандай болгонун билбейм. Башка шаарга көчүп кетсе керек деп ойлойм. Күйөөм башка эч бир экинчи аял жөнүндө ооз ачпады, а мен бактылуу жашай бердим. Өз күйөөмдү сактап кала алдым, бирок, биздин убакыт аягына чыгып калган экен.
Күйөөмдүн эң акыркы айткан сөзү, анын башы ооруп, куптан намазына чейин, эс алып жатып турайын дегени болду. Ал эч качан эми намаз окуй албайт, анткени, ал уктаган бойдон ойгонгон жок.
Күйөөмдүн кокустан каза болгонуна чыдабай, күйүтүм алоолоп жатты. Бир өмүр чогу өткөргөн адамымды, ажал менден заматта эле алып койду. Жумуш менен бизнеске көңүл бурбай, күйөөмдүн азасын көпкө көтөрүп жүрдүм. Акырындык менен иштер артына кетип, күндөн-күнгө жумуштар начарлап баратты. Биз биринин артынан бирин жогото баштадык. Унаа, дүкөн, үйбүздү. Анан айласыз агамдын үйүнө көчүп келдик. Мен жана балдарым болуп, анын толуп турган үйүн, ого бетер толтурдук. Көп узабай жеңем өзүнүн нараазычылыгын көрсөтө баштады. Бирөөнүн акысына жашабастан, өз ордубузду табуу үчүн иштешим керек эле. Бирок, менин эч кандай шыгым жок болчу. Күйөөм тирүү кезинде, биз токчулукта жашадык. Менин иштөөмө жана кандайдыр бир нерсени үйрөнүүгө түрткү болгон эч кандай муктаждыктар болчу эмес. Мен үй жумуштары менен балдарыма гана кам көрчүмүн. Жашоо мен үчүн татаалдаша баштады, анткени мен мурдагыдай жаш эмес болчумун. Ар бир күндү мен, өзүм жана балдарым үчүн катардагы сыноо деп кабыл алчумун.
Бир күнү агам мага, бир кишинин аял издеп жүргөнүн айтып калды. Ал жакшы жана динге бек, такыба адам болчу. Ал мага өтө төп келип жарашты эле, бирок, ал мени экинчи аял болуумду каалады. " Экинчи аял " - деген сөз, менин жашоомдо экинчи жолу ошондо жаңырды. Бирок, мунусунда башкача шарт аркылуу. Ал киши менин агамдын үйүнө мени менен кезиккени келди. Экөөбүз сүйлөштүк, ал мага жакты. Ал баардык жакшы сапаттарга ээ болчу. Анын аялы экинчи ирет үйлөнөөрүн билип, бирок бул сунушту колдобой, каршы чыгып жатканын, экинчи аялга үйлөнөбү, жокпу, жообу биринчи аялынын чечиминен көз каранды болоорун айтты.
Мен ал түнү нафил намазын окуп, баары жакшы болоорун абдан тиледим. Бир канча жыл мурда, башка бир аялдын тагдыры менин чечимимден көз каранды болуп, жана менин чечимим кандай болгонун эстедим. Кыйынчылыкка туш болгон бир аялды, ошол учурда колдоо менен үй-бүлө арттыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратканым үчүн абдан уялып турдум. Бул үчүн Аллах мени жазалаары чын. Тооба кылдым. Өмүрүмдө бир да жолу жасаган ишим үчүн тооба кылам деп ойлогон эмес элем, анткени мен эч кандай жамандык кылган жокмун. Мен жөн гана өзүмө тийешелүүнү коргодум. Эми мен жээктин аркы өйүзүнө өтүп калганымда, канчалык жаңылганымды түшүндүм. Ал аялдын, мени кабыл кылуусун дуба кылдым. Ал киши мага бир нече күндөн кийин телефон чалып, анын аялы кыйынчылык менен бул чечимди кабыл алып, мени менен жолугушууга даяр экенин айтты. Мен жолугушуу күнү абдан кыжаалаттандым. Алладан мага жардам берүүсүн сурандым. Аны менен жолугуп, мен мурда кандай абалда болсом, анын ошондой абалда экенин түшүндүм. Күйөөсүн сүйүп, жана аны жоготуп алуудан корккон аял.
Ал мени колумдан кармап, көз жаш менен:
- " Мен үчүн бул абдан татаал, бирок, экөөбүз бири-бирибизге эже-сиңдидей жакын мамиледе болоорубузга үмүт кылам " - деди.
Бул сөздөр менин жүрөгүмдү тилип жатты. Бул ийгиликсиз убакытта, мен муктаж болуп турган нерсе бул - кол сунган жардам жана үмүт болчу. Ошол бечара аялга мен убагында жөлөк болуп бералбадым, а бул аял мен үчүн тирек жана шанс болуп берди. Ал үчүн мен ар дайым ыраазы болуп жашайм. Эч ким мендей күйөөсүн сүйалбайт деп ойлочу элем, бирок ал мага сүйүүнүн чыныгы маңызын үйрөттү.
Өзүңөр ошол абалга туш болмойунча, эч качан башка бирөөнүн кандай абалда экенин билалбайсыңар. Жагдайга карап айыптап, Куранда жазылган боюнча чечим чыгаргыла. Аллах силерге кандай береке жиберерин ошондо көрөсүңөр!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев