...ушу келгин куш, афган чымчыгын деле, малдын куртун укмуш терип жейт экен деп алып келишкен.
Жыйынтыгында бул акмак чымчык биздин не бир сулуу, кооз куштарыбызды тукум курут кылды.
Анысы аз келгенсип төлдөп, чөлдөп, көбөйүп куштарыбыздын атаманы* болуп жаны тынды го...
Тетиги, кыйын иштейт деген тикмечилер* деле бир эки жыл өтпөй төлдөп чөлдөп, байып, кайра кыкеңдерди ошол отургучтарга отургузуп иштетип баштайт...
Ошондо бир аттиң* деп бармак тиштебесеңер мага келгиле...
ПыСы:
Дегеним, булар чын эле өлө жаздап тытына иштешет экен...
Мен билгени, орусча курстарга келип жүргөндөрдүн канчасы беш эле жылда жеке бизнестерин ачканга жетишишти...
Күмүш сырга:
Учурдун бос чымчыктары булар
МЕН ТЫЙЫН ЧЫЧКАНДЫ ЖАМАН КӨРӨМ...
... ооба мен силер суктанып колуңарга кондуруп алып сүрөткө түшүп жүргөн быйтыйган тыйын чычканды аябай жек көрөм!
Анткени....
Эколог, бир өмүрүн биздин жаратылышка арнаган Эмиль Шүкүров көзү тирүү кезинде бир эки ирет жолугуп чай үстүндө баарлаштык эле...
Ошондо, биздин жаратылышыбыз, жан жаныбарларыбыз, отузунчу жылдан бери эле кыйрап келе жатканын божурап берген эле...
Айрыкча СССР доору 70 жылда кыйратып талкалап кеткенин айтып берген.
Байкасаңыздар азыр бизде кооз сайраган кооз куштар, ары кетпейли чабалекейлер жокко эсе...
эмнеге экенин билесиздерби?
Анткени СССР доорунда: "Обогащение природы" деген балекет баскан долбоор башташат.
Россиядан ты
*********
Сен сын таккан жакам эски, жең эски,
Сен мылжыйган тарыхым да эң эски!
Башатына тазалыкты сиңирген,
Бабалардын караанындай мен эски!
Көңдөй башың көкүрөктү көзөттү,
Сендейлерге кантип эми сөз өттү..
Булдуруктап эне тилди тебелеп,
Булгабадым булак суудай өзөктү!
Ата-Журтка төктүм таза жашымды,
Өгөйлөбөй өптүм тоомду, ташымды!
Жолдон чыккан жоруларга жем болуп,
Жоготподум кыргыз деген башымды!
Өгөй болуп өздөн чыккан жат жаман,
Өзөгүңдү тез чириткен дат жаман.
Так төбөңдөн тама берип билинбей,
Калпагыңдан кетпей калган так жаман!
Каада-салтты урматтабай, жогот деп,
каалагандай бурмаласа болот деп,
жетесиздер азгырса да ар жолго,
жээрибедим Манасымды жомок деп!
Табылбаган бейи
Мен 1962-жылы төрөлгөнмүн.Биз бала кезде "бар" деген сөз жок эле, "жок" бар болчу.Эмнени кааласак "жок" деген жоопту угар элек.Айтор жокчулук заманда чоңойдук.Эмнени эңсесек жок эле.
Мисалы,атама "шым алып бериңизчи" десем, "жок" дечү.Оюнчук алып бериңизчи, "өзүң жасап ал". Ошентип ылайдан оюнчук жасап алчумун.Атамдын эски костюмунун чөнтөгүн кесип ичине жүн толтуруп,аны топ кылып ойночумун.Карындашым да куурчактарын өзү жасачу.
Ошон үчүн биздин муунда бир нерсенин кадырын билүү деген нерсе бар.Бир күнү атам мындай деди:"Сага шым алып берейинби?"
Билесиңерби, бул сөздү угуу мен үчүн кандай кубаныч эле.Биз, үч ага-ини ээгибизди таянып кыялдана баштадык.Кандай сонун?Эми биз дагы ба
ЖҮЗ ШҮГҮР
Ак таңды тостум ошого шүгүр,
Асманым ачык ошого шүгүр.
Аппак кар жаады ошого шүгүр,
Ак бата алдым ошого шүгүр.
Айтумар тактым ошого шүгүр,
Абийирим таза ошого шүгүр.
Ата-энем айткан акылга шүгүр,
Айтканын эки кылбадым шүгүр.
Ак жүрүп сүйдүм ошого шүгүр,
Ак тилек кылдым ошого шүгүр.
Ак уул туудум ошого шүгүр,
Ай кызды бактым ошого шүгүр.
Бакыттын боосун кармадым шүгүр,
Берметтин түсүн тандадым шүгүр.
Буйдалган кезде бүгүлбөй шүгүр,
Бар-жокко түтүп жашадым шүгүр.
Бүркүттүн боосун кармадым шүгүр,
Барлыкка көппөй ойлондум шүгүр.
Береке-кутка бөлөдүм шүгүр,
Балдарды берген Эгеме шүгүр.
Гүл үзүп алып жыттадым шүгүр,
Гүлгүн жаш кезде дууладым шүгүр.
Достукту бекем кармадым ш
Аял унчукпады... бул ирет дудук дешти,
Аял сүйлөдү... тили узун дешти.
Аял күлдү... жеңил ойлуу дешти,
Аял ыйлады... ушуну көрмөк дешти.
Аял "ооба" деди... көңүлү бош дешти,
Аял "жок!" деди... текебер, көңүл кош дешти.
Аял кийинди... көралбай обу жок дешти,
Аял сүйдү... намыссыз бир жан дешти.
Эркек кызганды, сүйдү, жүрдү, басты, турду... эркекчилик дешти.
Аялды деп... деп...дей беришип,
Аялдын өмүрүн жешти...
.... дешти...!!!
Дагы дешет... анткени сен тирүүсүң!!!
Чыда, чыда, аял!
#мээкайык саптар ...
Арым Абдылдабековна