Айрымдар учун билип алуу ашыктык кылбас.Андыктан кайсы кун эмне манилуу экендигин сиздерге тартуу кылмакмын.
Дуйшомбу-- Сапарга чыгуу,тилек тилоо,кеп-кенеш тарбия алчу кун.Бул кун жакшы тилек тилеп,чач алдырган жакшы.
Шейшемби--Кагылуушудан,жанжалдан,жаман создон этият болчу кун.Аялзатынын ыйык Умай энеге жыт чыгара турган кун.Себепсиз кир жууп,жуунбайт.
Шаршемби--Периштелер жана башка жардамчы кучтор келе турган кун дешет.Бул куну эрте туруп,жакшы тилек тилесен кабыл болот.Ушул куну ден соолугуна карата ичилген дары оз шыпаасын берет.Жакшы журуп,илим-тарбия ишин жургузучу,жакшылык алып келчу кун.
Бейшемби--Жыт чыгарып,жакшы тамак жасап,арбактарга куран окулуучу кун.Уйбулоо мучолору оздорун таза тутуп,ыйманын,ынтымагын бекемдешет.Нике жана махабат куну дагы.
Жума--Жума куну намаз окуучулар тазаланып,намаз жумага барып сооп табат.Тарбия-таалим жургузуучу кун.
Ишемби--"Иштин башы ишемби"демекчи,арык казып,суу чыгарып,соода сатык кылчу кун.Ушул куну мазарларга зыярат кылса чон сообу болот.
Жекшемби--Доолот,ызаат,урмат куну дешет.Бул кундо имарат кура баштаса болот.Улуу даражалуу адамдар менен жолугуп,маанилуу маселелерди чечсе болот.Ушул куну кайыптар дуйносунон периштелер,колдоочулар келип,айрым адамдарды оору-сыркоолордон,керексиз жукторунон арылтып,тазалашат.
Аз да болсо озунуздорго малымат алдыныздар деп ишенем.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев