ЧЫЧЫРКАНАК ЭРОЗИЯНЫ АЙЫКТЫРЫП, АШКАЗАН ЖАРАСЫНА ДАБА БОЛОТ!
Чычырканактын пайдалуу касиеттери
- Чычырканак жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Аны такай жеп туруу - инфаркт жана инсульт ооруларынын алдын алуунун эң жакшы ыкмасы. Анткени, чычырканактагы С витамини жүрөк булчуңдарын бекемдөөдө кызмат кылат. Эгерде күнүнө 50-100 граммдан чычырканак жесеңиз, организмиңиздин С витаминине болгон бир суткалык муктаждыгын канааттандырган болосуз.
- Муун ооруларында жана ревматизмде чычырканактын жалбырагынын маңызын же чайын пайдалануу зарыл. Маңыз мындай жасалат: 1 чоң кашык майдаланган кургак жалбыракты 1 стакан сууга 10 мүнөт кайнатуу керек. Жарым стакандан күнүнө 2 жолуда