Көздөрүңдөн байкапбапмын күйүтүңдү,
Күтө берип кыйналба сүйүктүүңдү.
Көр сезимдер ээлеп алып көкүрөктү,
Кайда барам таштап эми сүйүктүүмдү?
Жалгыздыкта жаның кейип турганыңда,
Жакшы сөзүм аябастан айтсам кана.
Жароокерим жаша, чыда бүт баарына,
Жарык чачып бара албаймын мен жаныңа.
Назар салып баспа менин жолдорума,
Неге деген суроо салба ойлорума.
Нечен жолу жараладың жүрөгүмдү,
Не десеңда баспайм сенин жолдоруңа.
Улам эңсеп келээр бекен дебегин,
Уча албаймын алыс жакка билесиң.
Узун түндө мени ойлоп кыйналба,
Узун үмүт пайдасы жок билесин.
Эстейсиңби чогуу жүргөн күндөрдү,
Эңсей бербе эми барбайм түндөрү.
Эчак эле көңүл калган өзүңдөн,
Эх карындаш, ыйлабастан жүрсөңчү.
Таарынычтар туман кылды жолуңду,
Тегерентип баш айлантып оорутту.
Там бербестен башка арга таппадым,
Тагдыр экен башка жанга жоолуктум.
Баяман Топчубаев.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев