kgАзирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айт майрамына карата расмий куттуктоосу
Урматтуу мекендештерим, урматтуу момун мусулман бир туугандарым! Жараткан Алла Тааламдын Сиздерге чексиз мээримин, тынчтыгы, саламатчылыгын жана ыраазычылыгын каалап кетемин!
Ушул ыйык рамазан айында, ысык жай мезгилде орозо тутканыбыз, Алланын алдында улуу Айт күндүн келгенине күбөө болгонубуз, Жаратканыбыздын бизге тартуулаган чексиз мээрими жана берешендиги. Өзүнүн улуулугу менен кудуреттүү Алла таалам биз кармаган бир ай орозобуздан дене напсибиздин кумарынан аруулантып руханий күчтөнүүгө, маданияттуу мүнөзгө, коомдо адеп ахлактуу мамилелерге жана ички дүйнөбүздү тазалоого күч берди. Ошондуктан, Ы