Ынсапсыз эмес ыймандуу, Атактуу эмес ардактуу. Байлыгына эмес акылына ишенген, Билегине эмес билимине ишенген. Сулуулугуна эмес улуулугуна ишенген. Барга коппогон,жокко чокпогон. Карангыда коз тапкан,капылеттен соз тапкан. Ойдодо обок болгон,ылдыйда жолок болгон. Озгонун байлыгына коз артпаган, Суйкайган аял корсо соз атпаган. Жалкоолонуп уйдо кечке жатпаган, Эркек деген ар- намысын сатпаган. Бироого катуу суйлоп какпаган, Эч качан жаман жолго баспаган. Койнуна котур ташын катпаган, Жаштайынан абийирин сактаган. Бироонун казанына тамак аспаган, Аялга окшоп коздон жашы акпаган. Оозунан ак ит кирип кара ит чыкпаган, Озгонун жаман оюн укпаган. Ата-энесин,кайын журтун сыйлаган, Алган жарын озго жанга кыйбаган. Жалган айтып жаман жолдо журбогон, Жакындарын жакшылыкка ундогон. Мына ушундай жолдош берсин кудайым, Ар бир кызга насип этсин ылайым!!! Автор: Саматова А.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев