жолу... - - -
... Ар кимдин маңдайына жазып койгон,
... Тагдырдын...жолун кандай басасың "-деп,
... Келгенде... төлгө тарта... ачып койгон,
... Кайсы убак...кайсы кырды...ашасың" - деп.
- - -
... Ар кимдин маңдайына тартып койгон,
... Жашоонун ийме-кыйыр...жолун сага,
... Аркаңа...куржун ченеп...артып койгон,
... Сунгандыр... бата бере... колун сага.
- - -
... Ар кимдин маңдайына жарык чача,
... Таң шоола...эрте таңы...келет сылап ,
... Өмүрдүн баскан жолун... тарых жаза ,
... Тагдырың... кандай болоор... келет сынап.
- - -
... Ар кимдин маңдайына куту тийген,
... Көз ачса... бул ааламда...үнүн ээрчип,
... Кол жая...ниети кыла...жүзү тийген,
... Асманда...нурун чачаар... күнүн ээрчип.
- - -
... Келебиз... түр жол менен окшошпогон,
... "Маңдайга... жазган бизге...жараткан"- деп,
... "Алдыда ачык жолдур... токтотпогон,
... Кылымга...ниети кылып...бараткан"- деп.
- - -
Р. Субанов.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1