Акыйкатты туу тутунган, чыныгы такыба момундарга багышталат. Башка диндегилер, теңирчилер, коммунисттер же жөн эле дин менен иши жокторго тиешеси жок. Ошондой эле өзүн мусулманмын деп, бирок насилинде мусулман боло албаган чалакайымдар да окубай эле коюшса болот. Нооруз майрамы жөнүндө сөз болгондо көпчүлүгүбүз мусулмандардын майрамы катарында кабылдашат.! Деги эле мусулманчылыкта Нооруз туурасында эмне кеп айтылат? Азирети Имам Насааий "Сунан суграа" (1557) жана Абу Дауд "Сунан" китебинде (1134) сахих иснад менен бул риваятты келтиришет. Анда, Азирети Анастан мындай айтылат:
"Пайгамбарыбыз алайхис салам Мадийнага хижрат кылып келген убакта, Мадийналыктардын бир жылда эки күнү бар эле. Мына ошол эки күндү алар оюн-күлкү менен өткөзүшөөр эле. Пайгамбарыбыз алайхис салам алардан сурады: "Бул эмне болгон эки күн?". Алар: "Нааданчылык (Исламга чейинки) доордон бери ушул эки күнү оюн ойноп, көңүл ачабыз!", дешти. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтты: "Аллах Таала бул эки майрамыңардын ордун, эки жакшы майрам менен алмаштырды. Алар Курман айт менен Орозо айт".
Айтылган эки майрам жакшы эмес майрамдар. Чыныгы жакшы майрамдар Курман айт менен Орозо айт майрамы. Кудай Таалам эки жаман майрамдын ордуна эки жакшы майрамды алмаштыргандыгын Пайгамбарыбыз алайхис салам кабар берди.
Кээ бирлер айтуусу мүмкүн: Эмне зыяны бар Нооруздун? Арча түтөткөнү жаманбы? Же сүмөлөк кайнатканы жаманбы? Жөн эле жаз майрамы деп тосо берсек болбойбу?
Жооп: Арча түтөтүү шариатыбызда бар. Аны сүннөт деп билебиз. Арча түтөткөн жерден шайтан-шабыр качат, ар кандай оорулар тукум курут болот. Арча түтөтүүнү Ноорузга эле байлаган туура келбейт. Келин келгенде, журт которгондо, конок келгенде кыргыз дайыма эле арча түтөтүп келген. Ал эми сүмөлөк бышыруу түштүк кыргыздарынын, коңшулаш өзбек, тажиктердин, ал эми көжө кайнатуу түндүк кыргыздарынын, коңшулаш казактардын илгертен келе жаткан жазгы үзүмчүлүк тамагы. Андан кыйкым издөөнүн кереги жок. Мекке шаарында жашап жүргөнүбүздө коңшуларыбыз сүмөлөк кайнатчу эле, эч кандай ноорузу жок эле...
Андан сырткары кайсы бир күндү майрам тутунуу, шариатыбыздын бир өкүмүн аткаруу демек. Майрам деп белгилөө Кудай Таалама таандык жумуш. Аллах Таала Куранда "Жакшы иштерде бири-бириңерге көмөкчү болгула! Жаман, күнөө иштерде бири-бириңерге жардамчы болбогула!", деп баса белгилейт. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Ким кайсы коомго окшошсо, ал ошол коомдон болот!"
Дагы бир жолу айтам, бул сөзүм мусулмандар үчүн айтылган кеп...!
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев