Жалгыз ал билет кыйналып жол таппай турганыңды. Акыл айтса укпайсың, ачууң келип уруша кетесиң, түн таң атканча жоголуп кетесиң, досторун менен арак ичесиң, тамеки тартасың Ал билет кайда кантип жүргөнүңдү, жүрөгү ооруйт сен үчүн, сен үчүн кайгы-капа, санаа тартат, сен үчүн кыйналат сыздайт. Сенин өмүрүңдү, ден соолугуңду, сенин бактыңды тилейт. Сен сезбейсиң, сага түнкү клуб, дискотека керек , сага оюн күлкү, досторуң менен шапар тээп ойногон керек. А Ал, Ал күтөт, түн уйкусун бузуп сенин келээриңди күтөт. А сен көңүлүн оорутасың, келем да, жата бер да -деп корс этесиң. А Ал, Ал көтөрөт ,чайын койуп тамагын жылытып сенин көзүңдү карайт, сен үчүн Жанын берүүгө даяр.
Сен... а сен билбейсиң!
Сен асмандан түшкөндөйсүң!
Сен аны түбөлүк кызматчыңдай көрөсүң!
Бир күнү кеч аттиң деп бармагыңды тиштейсиң!
Жер муштайсың, дубалды сүзөсүң, кыйкырасың, бакырасың... Бирок...
Бирок кеч, кеч, кеч....
Тууганым ошон үчүн кеч боло электе көтөр колуңа Атаңды Апаңды.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев