Мен Кыргызмын, кыргыз болуп туулганыма сыймыктанам дагы да сыймыктана бермекчимин.
Жакында жол кырсыгына кабылдым.
Казакстандын кең талаасы. Айлана жымжырт мен жана 3 казак. Аңгыча жолчулар келишти анан ГАИ келди.
Тез жардам келди. Тиги кырсыктаган 3 адамды алып кетишти. Мен эч нерсе болбодум жакшымын деп барбайм деп отказной жазып берип кетирип жибердим Тез жардамга келгендерди.
Аңгыча тигилердин туугандары да келишти. Ошол бир күн аралыгында толтура машиналар өтүп жатышты. Ошолордун арасынан жөн гана өтүп бара жаткан кыргыз айдоочулар ар бири токтоп ал абалымды сурап кандай жардам керек деп кайрылып жатышты. Менден жок жардам керек эмес баары жакшы деген жоопту алып анан жолун улап кетип жатышты.
Кээ бирлери акча тыйын берип кетишти. Чай ичип койуңуз деп.
Эртең мененки 8 ден кечки саат 6 ларга чейин жүрдүк. Антип минтип ченеп машиналарды жүктөп кетиргенче ошо болду.
Алайлык жигит Грузиядан машина ташып иштеген Нурик деп алдым эле атын айтты эле толук аты эсимде калбаптыр. Мен кырсыктаган маалда келди эле ошо кечке жанымда жүрдү.
Жана да Нарындык Мелис деген жигит ал да Грузиядан машина айдап келет экен Крга, ал да токтоп кечке жанымда жүрдү. Оорумду колдон жеңилимди жерден ала калышып жардамын аяшпады. Машина жүктөш керек деп болгон тааныштарына, группаларына чалып издеп акыры жолдон өтүп жаткандарды да тосуп жатышып бир казак тууган бош келе жаткан экен ала кет деп ошого жүктөп Кыргызстанга чейин ээрчишип жеткирип беребиз деп эки жигит кошо кетишти .
Ии экөө эки бөлөк эле өз иштери менен кетип жатышкан экен эки жеңил машина менен ээрчип кетишти. Сөөгүм агарды. Ошол жерде 10 чакты казак туугандар жүрүштү. Жолчулар анан ГАИлер.
ГАИлер айтат кыргыздар силер мыктысыңар деди. Канча жол кырсыгы болот дейт дайыма ушундай колдоп коштоп турасыңар. Ар бир өткөн кыргыз токтойт авария болгонун көргөн дейт. Айрыкча кыргыз номер экенин көрсө бир да кыргыздын токтобой өтүп кеткенин көрбөдүк дешти.
Биздин казак токтобойт дейт өзбек тажик да деги эле башка улуттардын ушу силердей болуп токтоп жардам бергенин чанда гана көрөбүз деп суктанышты. Мен сыймыктандым КЫРГЫЗ болгонума. Ошо ошону менен жүрө берипмин сол колум шишип кеткен бирок катуу оорубады эле , анан көкүрөгүм ,оң жак кабыргам ооруп дем алганым оор тартып баштады эле казак ГАИлери жүрүңүз көрсөтүшүбүз керек деп бир айылына чакан больница бар экен ошол жерге көрсөтүштү алып барып. Ал жерден анализдеримди алып анан ал мед айым больницага жатышыңыз керек колуңуз сынган кабырга көркүрөктөрдү ренгенге тартыш керек бизде жок деди эле ГАИлер Район центрине алып жөнөштү. Тезирээк жеткириш керек шок состояниеде жүрө берет деди эле тиги медайым.
140-150 менен сиренасын кошуп
1 сааттай жүрүп бир Рай больницасына келдик.
Ошол казак бир тууган ГАИ кызматерлерине ырахмат.
Мыкты азаматтар экен.
Баардык ГАИ кызматкелери силердей болушун тилек кылам.
Аттарын сурадым эле бирок эсимде калбаптыр.
Келип эле узиге салды.
Кол сынык гипстеш керек, көкүрөк катуу кысылып калган, оң жак 5, 6, 7 чи кабыргалар сынган деп больницага жаткырып койушту. Ошондо араң ооруган жерлеримди сездим чындап.
Бирок мага канча ооруп турсам да КЫРГЫЗ экениме сыймыктанып оорумду тоготпой турдум.
Менин оорумдун оорусун сездирбеген кыргыз жигиттердин токтоп ал абалымды сурап жардамын аябай бергени болду.
Мен КЫРГЫЗМЫН!!!


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 108