Бүгүн мен баарын таштап кетким келди,
Бийиктен булуттарды өпкүм келди.
Тырмалап жерди оюп, жаным берип,
Тереңдеп суу астына чөккүм келди.
Бүгүн мен чөгүп барам азаптарга,
Бул жылкы жетким келбей көп ак карга.
Күбүлүп жалбырагын төгүп салды,
Кайгымды айткан кезде дарактарга.
Бүгүн мен жашып турам, жашып турам,
Бактылуу күнүм өйдө асып турам.
Буюрса баары жакшы болот деймин,
Бар кайгым көптөн ичке катып турам.
Бүгүн мен кенен жерге сыйбай турам,
Буулугуп жүрөк жашын тыйбай турам.
Жан дүйнөм бырчаланып кеткен эбак,
Түптөбөй, сыныктарын жыйбай турам.
Манас
Сенде азап, менде дагы жакшы эмес,
Сүрөт болуп калды эми жакшы элес.
Сенсиз менде, менсиз сенде ал убак...
Сансыз жылдыз өчүп, таңдар атчу эмес.
Сен жектесең кимге эми керекмин,
Сыгылганда айтчы эми келет ким?
Жан дүйнөдөн күйүп турган убакта,
Даары сөзүн мен тарапка берет ким?...
Айланага көрүнөм деп кубанып,
Араң гана күнүм өтөт уланып.
Муң бөлүшөөр же өзүңдөй жогунан,
Миң бөлүнүп, кайра келем куралып.
УСТАТТАРЫМА
(Негизги устатым Малик Назарматов)
(2. Жолболду Султанбек уулу)
(3. Мурат Тагаев)
(4. Манас Абдижалил уулу)
(5. Адылбек Икрамбектегин)
Шакирти үчүн баарына чыдап келет,
Шахмат сымал сөздөрдү кынап терет.
Мыктап үрөн себүүгө даярсыңар,
Мыктылардан мыктылар чыгат демек!
Ыр түйүнүн элеген элексиңер,
Ырасында эл үчүн керексиңер.
Чымыны бар жаштарды таптайсыңар,
Чыгаандарды чыгарып, демек силер!
Келечекке үмүттүү, бар камыңар,
Керек бизге ар дайым жардамыңар.
Бир күн эмес, бир заман жашоо үчүн,
Билем, узун силердин арканыңар.
Жан дүйнөңөр жалынга толо сыңар,
Жаман кепти ыр менен жоёсуңар.
Жети сап ыр көтөрүп келип калсак,
Жеген ашты жерге да коёсуңар.
Кечирдиңер канча ирет сыздат