(Негизги устатым Малик Назарматов)
(2. Жолболду Султанбек уулу)
(3. Мурат Тагаев)
(4. Манас Абдижалил уулу)
(5. Адылбек Икрамбектегин)
Шакирти үчүн баарына чыдап келет,
Шахмат сымал сөздөрдү кынап терет.
Мыктап үрөн себүүгө даярсыңар,
Мыктылардан мыктылар чыгат демек!
Ыр түйүнүн элеген элексиңер,
Ырасында эл үчүн керексиңер.
Чымыны бар жаштарды таптайсыңар,
Чыгаандарды чыгарып, демек силер!
Келечекке үмүттүү, бар камыңар,
Керек бизге ар дайым жардамыңар.
Бир күн эмес, бир заман жашоо үчүн,
Билем, узун силердин арканыңар.
Жан дүйнөңөр жалынга толо сыңар,
Жаман кепти ыр менен жоёсуңар.
Жети сап ыр көтөрүп келип калсак,
Жеген ашты жерге да коёсуңар.
Кечирдиңер канча ирет сыздатканым,
Кезек менде, ар дайым кызматтамын.
Багыт берип жашоого жол көрсөткөн,
Бар болгула калемгер устаттарым!!!
Нургиза Абдиназар кызы
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев