КЫРГЫЗ КЫЗЫН КОРГОЙЛУ
Бизде эми Каныкейдей туулбайт дешет,
Биздин кыздар бузулду деп тилин безеп.
Кыз намысын, кыргыз элин коргоп алаар,
Жигиттерден эр Манас жок ошол себеп.
Кайдан дешет, Курманжандай эми болбойт,
Кыздар анын тырмагынын теңи болбойт.
Кызын коргоп, кыргыз үчүн жан берген,
Жигиттердин Алымбектей беги болбойт.
Кызжибектей кыз жок дешет жигиттер,
Кызга сынчы өзүн араң билчүлөр.
Кызжибектей кызды барктап алаарга,
Төлөгөндөй жигит барбы билип көр.
Кыздар- эне урпагыңды улай турган,
Кыздар-аял чачылганды жыйнай турган.
Кыздар жарың, ысык-суукта бирге болуп,
Кыйын күндө, жамандыкта кыйбай турган.
Бузулду деп бул заманга шылтабай,
Биз кыздарды мазак кылып ырдабай.
Келгилечи к