Ай жаңырса, амандыкты тиледим,
Айдап ары көңүлдөгү кирлерин.
Арачалап жамандыктан баарыны,
Адамзатка аруулукту бер дедим.
Ай жаңырса, эсендикти тиледим,
Эң биринчи элим үчүн бер дедим.
Элден бөтөн жерде жүрүп элирип,
Эси жоктук кылсам эгер кеч дедим.
Ай жаңырса сунуп жайып алакан,
Айры жолдон адамзатты ал дедим.
Ата - эне баркын билбей адашкан,
Арабөктү ачык жолго сал дедим.
Ай жаңырса, куш уясын бузбаган,
Адамзатка бейпил жашоо бер дедим.
Бөөдө өлүм, келген кырсык кепилсиз,
Кыяматты ыраа көрбө эч дедим.
Ай жаңырса, ыймандыктын ырысын,
Жер турганча КЫРГЫЗЫМА төк дедим.
Ырыскысын өз элинин жеп жатк