Айдап ары көңүлдөгү кирлерин.
Арачалап жамандыктан баарыны,
Адамзатка аруулукту бер дедим.
🌙🌙🌙
Ай жаңырса, эсендикти тиледим,
Эң биринчи элим үчүн бер дедим.
Элден бөтөн жерде жүрүп элирип,
Эси жоктук кылсам эгер кеч дедим.
🌙🌙🌙
Ай жаңырса сунуп жайып алакан,
Айры жолдон адамзатты ал дедим.
Ата - эне баркын билбей адашкан,
Арабөктү ачык жолго сал дедим.
🌙🌙🌙
Ай жаңырса, куш уясын бузбаган,
Адамзатка бейпил жашоо бер дедим.
Бөөдө өлүм, келген кырсык кепилсиз,
Кыяматты ыраа көрбө эч дедим.
🌙🌙🌙
Ай жаңырса, ыймандыктын ырысын,
Жер турганча КЫРГЫЗЫМА төк дедим.
Ырыскысын өз элинин жеп жаткан,
Жеп жутарды эл алдында бөк дегин.
🌙🌙🌙
Ай жаңырса, жаңы бөбөк төрөлүп,
Бейкут өссүн ак бешикке бөлөнүп.
Акырети азап болуп көрүнгөн,
Калбасынчы азарттыкка жөлөнүп.
🌙🌙🌙
Ай жаңырса, барга өмүр тиледим,
Алар азыр көп жашабайт билемин.
Кашка сууну ууга чылап агызган...
Токтотпосо жерди ойуп тилгенин.
🌙🌙🌙
Ай жаңырса адилеттик бер дедим,
Кара өзгөй жамандыкты тилдегин.
Жер тамырын бүт кезишип айланган,
Токтото көр кыргызымдын кезгенин.
Урмат Сатарова . Москва. 2018. октябрь.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев