Профессор Исмет Гиритли бир конгресске катышуу үчүн Түркиядан Италияга барып калат. Ал жерде бир грек жана армян профессорлор тынчын ала берет. Күн сайын түшкү тамак учурунда профессор Гиритлинин жанына отуруп алган эки профессор: “Силер бизди 400 жыл, 800 жылдан бери эзип, колониалдык саясат жүргүздүңөр” деп айыпташат. Акыр аягында түрк профессор чыдабастан, иш-чараны уюштурган италиялык профессорго арызданат. Ал да өз кезегинде кийинки түшкү тамакты бирге жейли деп сунуш берет. Тамак учурунда күндөгүдөй эки профессор дагы эле Исмет агайга чабуул коюп, болбогон айыптар менен тийише баштайт. Анда италиялык окумуштуу Грециядан келген кесиптешинен:
-Силер түрк бийлигинин астында канча жыл жашадыңар?-деп сурайт.
-400 жыл.
-Кайсыл тилде сүйлөшүп жатасыз?
-Грек тилинде.
-Кайсыл динди тутунасыз?
-Православ христианчылыгын.
Андан соң армян профессорго бурулуп:
-А сиздер түрк бийлилигине канча жыл моюн сундуңар?-деп кайрылат.
-800 жыл.
-Кайсыл тилде сүйлөшүп жатасыңар?
-Армян.
-Диниңер кандай?
-Григорян христианчылыгы.
-Анда эмесе мени кунт коюп уккула. Эгерде силер 200 эле жыл Италиянын өкүмү астында жашап калганыңарда, учурда экөөңөр да италиянча сүйлөп, католик болуп калмаксыңар. Ошондуктан бул сандырак сөздөрүңөрдү токтотуп, силердин тилиңерди, маданиятыңарды жана диниңерди коргоп берген түрктөргө рахмат айтышыңар керек, рахмат.
Биздин коомдо да онунчу кылымда ислам кабыл алган кыргыз коомчулугун арабташып кетти деп айкырып чыккандар көп. Он кылымдан бери арабташпаган кыргыз, бир кылымдык орус бийлигинин тушунда канчалык өзгөрүп кеткендигин учур көрсөтүп жатат. Калктын каймагыбыз деген катмар орусча сүйлөп, өз дининен кабарсыз. Жана да өз баскынчылыгын жашырыш үчүн жергиликтүү намыскөй аталарыбызга “басмачы” наамын бергенине күйөсүн да, чиркин.
Чыныгы басмачылардан да , алар тарбия кылган “чимкирик илита” кооптуу, анткени алар элге күйүмүш болуп, манкурт сымал өз элин басмачылардай эле эзип келет.
Даярдаган: Нуриет Абдулазиз


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 11
Бирок Кыргызстанда ошол эле жол менен орустар экиге болгон кыргыз кызыл аскерчилерди жана басмачыларды «мекендештерибиз» катары тен карайлы, жаман аттуу болуп калган «басмачыларды» актайлы десен эле озубуздон чыккан орусчулдар, кыргыз орустар жана Оруссиянын саясатчылары менен журналисттери бизди «фашисттер», «Оруссияга каршылар», «экстремисттер» деп эле атырылып чыгып калышат!
Жогорку Кенештин откон чакырылышында басмачыларды актоо, тарыхыбызда бир эл экиге болунуп калганыбызды азыркы коз—караш менен карап, улуттук жарашууга багытталган мыйзам долбоорун жазсам, Жогорку Кенештин жыйынына жеткирбей эле комитетте жана Окмотто аны чаап сал...ЕщёОрустар мыйзам аркылуу 7-ноябрь кунду «Улуттук жарашуу куну» деп озгортуп, актар да, кызылдар да, оздору уй-булоосун менен кошо ырайымсыз атып салган Николай II да «мекендештерибиз» деп актап, тарыхында да бир бирине душман кылып корсотууну токтотушкан. Андан кийин ушул багытта канча китеп чыгарып, документалдуу жана корком тасмаларды жаратып жиберишти!
Бирок Кыргызстанда ошол эле жол менен орустар экиге болгон кыргыз кызыл аскерчилерди жана басмачыларды «мекендештерибиз» катары тен карайлы, жаман аттуу болуп калган «басмачыларды» актайлы десен эле озубуздон чыккан орусчулдар, кыргыз орустар жана Оруссиянын саясатчылары менен журналисттери бизди «фашисттер», «Оруссияга каршылар», «экстремисттер» деп эле атырылып чыгып калышат!
Жогорку Кенештин откон чакырылышында басмачыларды актоо, тарыхыбызда бир эл экиге болунуп калганыбызды азыркы коз—караш менен карап, улуттук жарашууга багытталган мыйзам долбоорун жазсам, Жогорку Кенештин жыйынына жеткирбей эле комитетте жана Окмотто аны чаап салышты!
Кыргыз кыргыз болуу учун, улуттук ан-сезимди жана духту которуу учун чыныгы тарыхыбызды даназалашыбыз абзел! Мисалы, 1981-жылы Советтик Союз мамлекет учурунда, Кыргыз Улуттук Мамлекеттик Университетин тарых факультетинин 2-курс студенти катары «СССР тарыхы» боюнча лекцияда «Эмне учун биздин Чолпонбай Тулебердиев Александр Матросовко караганда бир жыл алдын дзотту озунун денеси менен жаап, каармандык жасады, бирок бардык тарыхий китептерде «Александр Матросов биринчи жолу болуп дзотту озунун денеси менен жаап, курман болду, а анын каармандыгын дагы 200 дон ашык жоокерлер кайталады» деп жазылат?!» деп агайга суроо берип, аны ынгайсыз абалда калдырып койдум. Жооп беруудон агай качканы мыйзамченемдуу эле корунуш! Анткени кайра куруу жылдары политэкономиядан сабак берген профессорубуз «Горбачёв да адам, ал да туалетке барат» деп койгондугу учун иштен айдалып, анын устунон кылмыш иш козгошкон.
PS. Жогорку Кенештин 5-чакырылышында отпой калган дагы мыйзамдолбоорлорум:
1) Ак уйду курчап турган темир тосмону алып салуу жонундо;
2) Педофилдерге олум жазаны киргизуу жонундо (бул сунушум отпой калганда - педофилдерди омур бою эркиндиктен ажыратуу мыйзамымды откоруп алдым!);
3) Педофилдерди химиялык жол менен бычуу (химическая кастрация) жонундо;
4) Аскер болуктордо «аскерий имам» деген кызматты жоокерлер менен тарбиялоо иштерди жургузуу учун киргизуу жонундо;
5) Иран Ислам Республикасын буга чейинки визасыз Кыргызстанга кире турган 42 мамлекеттин тизмесине кошуу жонундо;
6) Шайлоодорду бурмалагандарды мамлекетке жасалган эн оор кылмыш катары таануу жонундо (Д.Бекешев менен чогуу иштеп чыкаанбыз);
7) «Ыйман» сабагын бут окуу жайларга озунчо диний сабак катары киргизуу жонундо;
8) Чет олколук тынчылар (агенттер) жонундо;
9) Президент менен Жогорку Кенеш болок имараттарда жайгашуу жонундо;
10) Гейпропаганданы тыюу (кумсалар) жонундо;
11) Жума кунду дем алыш куну катары жарыялоо жонундо...
Жана у.с. бир нече мыйзам долбоорлорумду откоро албай калганмын.