АДАШКАН ДИПЛОМАТ
АКЫРКЫ 15 - БӨЛҮГҮ
Экөөнүн кеңеши
– Эми эмне кылабыз? Анын артынан издеп, түрмөгө барабызбы? – Бакыт Абдрасулга суроолу карады.
– Андан көрө дипломат точно ошондо экенби же биз жөн эле убара болуп жүрөбүзбү?
– Эмнеге убара болобуз? Дипломат дайынсыз жоголуп кетпей, ошонун изи менен келатпайбызбы. Игорь мусор жактан дипломатты көтөрүп келген чынбы? Аны жол жээгинде жашылча-жемиш сатып жаткандардын баары эле көрүшкөн турбайбы. Же мен жалган айтып атамбы? Игорь өзүнүн жакын досу Сергейге барган. Анан экөөнүн ортосунда кандайдыр бир келишпестик чыккан. Балким акчаны бөлүш алышпай койушкандыр? Же Игорь Сергейге бир нерсе деп айттыбы, ким билет. Балким Сергей ошончо акчага өзү эле ээ болгусу келгендир. Игорду жөндөн-жөн эле өлтүрүп салган жок да. Анын үстүнө тигил Игордун кошунасы таңга жуук Сергейдин дипломат көтөрүп кетип баратканын көргөн турбайбы. А буга эмне дейсиң?
– А балким тигил кошунасы «дипломат жөнүндө көрдүм» деп жөн эле айтып койгондур?
– Э койотурчу! Сөз талашпай, колумдагы дипломат жөнүндө тигил өзү айтып бербедиби. Жөндөн-жөн эле Игорь өлө бербейт да. Игорь өлгөн күн дагы таштанды жайынан дипломатты алып кеткен күнгө туура келип атпайбы. Ошол күнү экөө дипломатты ачып, ичинде акча бар экенин көрүшкөн. Таң атканча тойлошкон. Элдин баары кыз уйкуда жатканда Сергей досун өлтүргөн. Дагы изин жашыруу максатында үйүнө өрт коюп, таңга жуук кете берген.
– А болуптур, дипломат Сергейде деп коёлу. Ал азыр түрмөдө да. Дипломатты өз менен кошо түрмөгө алып кеткен жок да.
– Албетте, ишенимди бирөөнө өткөрүп берди.
– Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Тигил орус кемпир деле айтпадыбы, үйүндө жападан жалгыз турчу деп. Демек, ал бирөөнү ишенип тапшырбай эле, дипломатты бир жерге жашырып катты. Азыр деген бир көзүң бир көзүңө жоо. Керек болсо койнуңда жаткан катының да душман. Керек болсо бир тууганың дагы сатып кетет. Акча эмнелерди гана жасатпайт! Ошол акчанын кесепетинен Сергей Игорь досун өлтүрүп салды да. Ал акчаларды эч кимге көрсөткөн да жок, бир жерге катты. «Түрмөдөн бошоп келсем, андан кийинки калган жашоомду ошол акчалар менен улантам», – деп атат да.
– Анда акчаларды каякка катты деп ойлоп атасың? Үйдүн эле тегерегине катты: огородуна, падвалга, чердакка же эч ким билбей турган складтарынын жашыруун бир жерине катты. Аны издеп түрмөгө барып эмне кылабыз? «Я вас не знаю, и знать , не хочу», – деп коёт. Дипломат тууралуу айтмак беле? Ал «ооба, дипломат менде, катып койгон» деп кайсы келесоо айтсын?
– А жалпы тил табышып, түрмөдөн эрте бошотконго аракет кылып, жардам беребиз да.
– Биздин колубуздан эмне келет? Өзүбүз айылдан жаңы келген студент болсок. Же түрмөнүн начальниги менен соттор биздин сөзүбүздү укмак беле? «Деньги правит миром» деген макалды билесиңби? Ал дипломаттын каякта жашырылганын айтып берсе, ошондогу бир пачка доллар менен аны бошотуп алабыз. Анан...
– Ай, боорду эзип, баланын сөзүн сүйлөбөчү! Сергей бизге ишенип, дипломаттын каякта жашырылып жатканын айтып коёт дейсиңби? Андан көрө түрмөдөн чыкканча чыдап, чыккандан кийин калган өмүр жашоосун «райский жизнь» кылып өткөргөнү кете берет да.
– Ага чейин ким бар да ким жок? Түрмөдө элдин баары туберкулёз менен ооруп жатышат, тамак-аш да жетишсиз дейт. Ошого чыдай алабы? Түрмөдөн ооруп өлүп калсачы? Же аны зектер өлтүрүп кетишсечи? Ал дагы эрте бошонуп кеткиси келет да. Биз ага тамак-аш күндө жеткирип берип, эрте бошонуп чыкканга көмөк беребиз деп айтабыз да. Анын үстүнө Сергейдин тааныштары, тууган-туушкандары да жок экен. Ишене турган адамы жок болгондон кийин биз сүйлөшүп, жалпы тил табышсак болот. Аны үчүн анын ишенимине кириш керек.
– Ой, анын баарын проблема кылбай эле, а дегенде Сергейдин үйүн бир сыйра тыкан аңтарып чыгалычы. Үйү ээн, бизге тоскоол кылганы эч ким болбойт. Түн ичинде келебиз дагы акырын кулпусун бузуп кирип, терезесин чүмкөп бир нерсе менен бекитип алып, кол фонар менен аябай кылдат текшерип чыгабыз. Үйүн деги билип калдык, үйүнүн ичин текшеребиз. Таппасак кийинки күнү чердагына чыгып карайбыз, складтарын аңтарабыз. Бизди жоо кууп келаткан жок. Шашпай, эч нерсесин калтырбай издеп карап чыгабыз. Керек болсо огородунун булуң-бурчтарын кылдат текшеребиз. Ал дипломатты алыс жакка деле каткан жок. Эгер таптакыр эле дипломатты таба албай айлабыз кетсе, айла жок анда түрмө жактан Сергейдин өзүнө кайрылабыз. Буга кандай дейсиң, макулсуңбу?
– Макулмун.
– Эң жакшы, анда эртеңден баштап ишке киришебиз.
Ажал аралаган караңгылык
Абылбек мындай болот деп эч күткөн эмес. Шаштысы кетип калды. Түртүп качып чыгайын десе, так эле босогодо жолун тороп турган болучу. Жүрөгү оозуна кептеле кайра артка кетенчиктеди.
– Э-э, сен кимсиң?!
Абылбек жооп бергендин ордуна жүрөгү алкымына тыгылып, каяк жагынан качып чыгарын билбей туруп калды. Бир кезде кожоюн колун созуп, каалганын жанында турган жарыкты жандырып жиберди.
– Э-эй, сен Абылбексиңби? Бул жакта эмне кылып жүрөсүң?
Анын жообун күтпөстөн башка урулган катуу соккудан оңкосуна кулады. Шарапат столдо турган чоң пиво ичкен айнек кружканы ала коюп, кожоюнду башка чаап калган болчу. Сокку аябай катуу урулгандыктан айнек кружка сынып кетти.
– Дипломатты таптыңбы?
Абылбек жооп айтмак турсун жүрөгү түшкөндүктөн денеси өлүп, кыймылдаганга жарабай шалдырап калган болчу.
– Эмне турасың талма оорусу бар кишидей? Бас, кеттик кылдам. Кемпир да ойгонуп кете электе жарыкты кайра өчүрүп кой!
Жарыкты өчүрүп, экөө шашыла сыртка чыгып баратканда Абылбек бир нерсени эстегендей токтоду.
– Койо турчу, кайка шашылып атабыз! Ал мени таанып калбадыбы!
– Ай, ким?
– Кожоюнубуз.
– Кантип билдиң тааныганын?
– Ал «сен Абылбексиңби?» деп сурабадыбы!
– Точунабы?
– Ооба, точуна!
– Ай, анда иш чатак, эч жакка кутулуп кете албайбыз! Эми эмне айла кылабыз?
– Билбейм.
– «Билбейм» деген эмнеси? Бир айла тап!
– Эмне айла табам?..
– Билесиңби?
– Ии...
– Анда тигинин көзүн курутууга туура келет.
– Эй, жаман жорукту баштабачы! – Абылбек так секирип кетти. – Үйдө эмчектеги балабыз турат. Так эле ошол үйдө эмчектеги балабыз үчүн, анын келечеги үчүн тигини өлтүрүшүбүз керек!
– Кожоюндубу?
– Ооба!
– Ага кантип дитибиз колубуз барат?
– «Кантип колубуз барат» деген эмнеси? Ал сени таанып калган турбайбы! Эртең эле милиция ээрчитип жетип келет да экөөбүздү тең сотко берет. Эмчектеги баланы ким карайт анда?!
– Мен деги эле киши өлтүрмөк турсун, чычканы өлтүрүп көргөн эмесмин...
– Өлтүрбөсөң – өлтүрөсүң азыр!
– Койчу ай, жаман жорукту баштабай...
– Бул деген жаман жорук эмес! Экөөбүздүн келечегибиз алдыбызда – сонун жашоо, байлык, даңыраган жол турат! Мындай момент миң адамдын бирөөсүнө араң келет, келбесе жок. Так что давай, действуй!
– Кой, жок, анте албайм! Корком...
– Эркексиңби, эмнесиң корком деп коёт дагы?! Анда сен өлтүрбөсөң – мен өзүм барып өлтүрөм! Карачы, алдагынча акчадан кантип куру жалак калгың келип атат?! Өзүңдү ойлосоң да, балаңдын келечегин ойлосоң боло!
– Эми эмне кыл деген турасың мени?!
– Эмне кылмак элең? Тигинин көзүн курут! Кайра эсине келелекте. Эсине келчү болсо, азыр катуу ызы-чуу чыгарат. Тиги уктоочу бөлмөдөн кемпир ойгонуп чыга калса, андан бетер бизге жаман болот. Андан көрөкчө бол, шашыл!
– Эмне кылайын?..
– Сырттан чоң темир алып кел да тигинин башын жара чаап, эсине келбей ошол бойдон өлгөндөй болсун!
– Корком...
– Коркпой кичине «решительный» болбойсуңбу?! Тур, жөнө, убакыт тар, таң атып келе атат! Алдагы дипломатты мага бер, мен кармап турайын.
Абылбек колундагы дипломатты Шарапатка берди да, темир издегени короону айланып кетти. Көп өтпөй эле темир казыкка окшогон бир нерсени көтөрүп кайра жетип келди. Бул мезгилде Шарапат дипломатты ачып карап, ичинен сүйүнүп жыргап жаткан болчу.
– Мына, абышка! Байлык деген кудай буюрса жыргайбыз эми! Бар, ылдамыраак абышканын көзүн курут. Мен бул жерде эки жакты карап турайын.
Абылбек кайра үйгө кирип, жерде жаткан кожоюнду жанына басып келди да эмне кыларын билбей, аны чапканга колу барбай туруп калды.
– Бол, чап, ылдам! – анын артынан Шарапат кошо келген болчу. – Бол ылдам, тигине, тиги кыймылдай баштады!
Чын эле жерде жаткан кожоюнга кайрадан жан кирип, ордунан турууга аракет кыла баштаган болчу.
– Бол ылдам!
Шаштысы кетип калган Абылбек маңдайында турган каранды колундагы темир казык менен кандайча шилтеп калганын билбей калды. Анан туш келди жерине эле ургулай берди. Жаңыдан кулап жаткан үй ээси үн чыгарганга жарабай, кайрадан оңкосунан кулады.
– Чап дагы катуу! Болгон күчүң менен чап, болбосо аман калышы мүмкүн!
Абылдын артына туруп алып Шарапат тигиге кайра-кайра буйрук бере сүйлөп, эмне кыларын үйрөтүп жатты.
– Эмне болду?
– Билбейм... өлдү окшойт.
– «Билбейм» эмес! Жакшылап туруп башка катуу үч-төрт жолу чап! Тим эле башы жарылып, мээси чачырап кеткендей болсун!
– Мынакей, чаап эле атам!
Шарапат жерди кыймылысыз жаткан караанды жакшылап карап койду.
– Чын эле өлдү окшойт. Жүрү кеттик эми, эртерээк жарык кирип кете электе!
Экөө шашыла чыгып баратканда Шарапат ордуна токтой калды.
– Болор иш болуп болду, эми канды боёп коёбуз. Тиги эле спальныйда уктап жаткан кемпирин дагы жайлап таштайлы, болбосо азыр эле туруп келип ызы-чуу салат. Качып дагы үлгүр албай калабыз!
– Койчу, аны эмне кылабыз? Тим кой, жайына уктай берсин.
– Болбойт! Артыбызда эч бир из калтырбашыбыз керек! Антип-минтип качып кеткенге дагы убакыт керек. Кемпир азыр эле чыгат абышкасын издеп!
– Ага колум барбай турат...
– Анда мен сага жардам берем, мен өзүм эле жайлаймын!
Шарапат өзүнүн кичинекей бөлмөсүнө кирип эч нерсени сезбей уктап жаткан ымыркайына бир карап койду да, ар жактан калың жип таап алып, шашыла кайра сыртка чыкты. Анан күйөөсүн ээрчитип, кожоюнунун кемпири жаткан бөлмөгө кирди. Кемпир эч нерсени сезбей кызуу уйкуда жаткан болчу, экөөнүн киргенин сезген дагы жок.
Шарапат анын башына айланып барды да, дароо жипти кемпирге ороп жиберип, болгон күчү менен кыса тартып муунтуп кирди. Анан жанында жалдырай карап турган абышкасына кыйкырды:
– Эмне элейип турасың? Колу-буттарын карма, былкылдатпай!
Абылбек дароо эле кемпирдин колу-буттарын тыбырчылатпай катуу басып калды. Шарапат аны жаны чыксын деп көпкө чейин жипти катуу тартып муунтуп турду. Тээ бир топтон кийин гана барып жипти кайра бошотуп алды.
– Кеттик!
Экөө шашылап сыртка чыгышты да эшикти сыртынан кулпулап таштады. Анан өздөрүнүн кичинекей батирине келишти. Шарапат дипломатты ачып, ичиндеги акчаларды жакшылап карап койду.
– Мына, мен айтпадым беле долларлар бар деп! Ради акча үчүн, келечектеги жакшы жашоо үчүн сөзсүз тобокелдикке барыш керек. Кой, бул каргашалуу жерден кеттик эртерээк. Баланы жакшылап жылуулап орой коёюн.
– Каякка кетебиз? – Абылбек Шарапатка суроолу карады.
– Кызыксын го дейм! Бул жерден башка жакка кетип туралы. Бул жактын ызы-чуусу бүткөндөн кийин келебиз да, калган оокаттарыбызды алып көчүрүп кетебиз. Мына, таң да агарып келатат. Биз антип-минтип сыртка чыкканча айланага жарык кирип кетет. Акча турганда любой жерден квартира таап алабыз, керек болсо заңгыраган үй да сатып алабыз.
Экөө бир сыйра кийим-кечектерин алып, сыртка чыгышканда чын эле айланага жарык кирип кеткен болчу. Абылбек дипломатты, Шарапат баласын көтөрө, экөө эки жактарын элеңдей караша, темир тор менен тосулган короонун кичинекей эшигин ачып, сыртка чыгышты.
– Дипломатты мага берип, баланы сен көтөрчү, ээ.
Шарапат дипломатты алып, баланы күйөөсүнө берди да, экөө шашыла жолго чыгышты. Бул мезгилде эбак жарык кирип, көчө кыймылы башталып, элдер ары-бери өтүп жатышкан болчу.
Биринчи бөлүмдүн соңу.
Комментарии 23