Канчалаган кыргыздар Россияда өз үйүбүздөй ээн-эркин жашап жатабыз. Бул жактан тапкан тыйын менен үй-жай кылдык, бала-чака бактык. Учурдагы кырдаалда биздин жергеге булар ооп барып жатышат. Меймандостугуңарды көрсөтүп, колдон келсе жардам берип койгула. Ар бир үйдөн Россияда эмгектенип жүргөндөр бар. Бизге да ыраазы болуп калышсын. Бул күндөр убактылуу. Биздин аларга жасаган мамиле гана эсте калат. Квартиранардын баасын, такси, тамагыңардын баасын ашыкча кымбаттатпай, меймандос мамилеңерди көрсөтүп койгула, туугандар!
Бишкек шаарынын тургуну Адыл Акылбеков үйүнө 145 баткендикти жайгаштырып, дээрлик үч ай бою бакмай болду.
«Мен өз каалоом менен аларга башпаанек кылып турак жайымды бердим, ага 145 адам батты. Мен аларды үч ай бою багам деп өзүмө сөз бердим», — дейт ал
“Кыргызстандын калкы абдан бирдиктүү жана ынтымактуу. Учурда кичине булуттар Кыргызстанды бүркөп турат, бирок ага карабастан ар бир жаран колунан келген жардамын берип жатат. Психологдор, медиктер менен да иштеп, аларга кайрылып жатабыз. Биз жаш балдарды ойнотуп, ар кандай кызыктуу жайларга алып барып, сейилдетип жатабыз. Бизде баары бар, Кудайга шүгүр. Биздин дарегибиз Жибек Жолу 335” – деди жардамын аябаган Адыл.