Бадыраң табигый-“косметолог”
Кырт, кырт... Ооба, баарыбыз бадыраңды жакшы көрүп кыртылдатып жейбиз. Бирок анын кайдан келгенин, адамга кандай пайдасы бар экенин баарыбыз эле биле бербесек керек.
Бадыраң кайдан келген?
Бадыраңдын түпкү мекени болуп Индия эсептелет. Бул жашылча адамзатка мындан 6000 жыл илгери эле белгилүү болгон. Бүгүнкү күндө бадыраңдын ар кандай сорттору тамак-аш катары жана атайын кооздук үчүн Жер шарынын дээрлик бардык чөлкөмүндө өстүрүлүп келет.
Кыргызстанда бадыраңдын “Голланддык”, “Алтай”, “Маргелан” жана башка сорттору кеңири өстүрүлөт. Бадыраңды өтө бышып, саргайып кеткенге жеткирбей, мүмкүн болушунча күн сайын жыйнап туруу керек. Жаңы бадыраңды үйдө 2 суткага че