Кыйкырба сен эле тороп жаткандай, эмне болуп атасын деп, врач аял торотканада жаткан келинди урушуп баштады. Толгоосу толуп, эже келип калды окшойт карап коюнчу, деген созун укпай эшикти жаап койду. Ан сайын бели кучоп, алдан тайып турган келин, туруга дарманы келбей кыйкыра баштады. Эки саат мурун келген келинди, толгон жетиле элек деп, бир комнатка камап койгон эле. Озу эртен чыга турган келиндин жентегин жеп, ары жакта аялдар менен отуруп алды. Омурундо мындай ооруну корбогон келин, жардам бергиле деп кыйкырып жатты. Бир убакта баланын башы, корунгонсуп калды эле, дагы кыйкырды. Эжэээ? Жооп жок. Алар шарактап отуруп келинди укпайт да эле. Кызуурак болуп калгандыктан, баары шарактап отуруш
Бир киши аялы менен урушуп калат. Аялы ачууланып төркүнүнө кетем деген ойдо кийимдерин баштыгына салыштыра баштайт. Абалды түшүнүп калган күйөөсү аялына карап жылмайып, жылуу сөздөрдү айтып: "Эмне кылып жатасын?" - деп сурайт. Аялы: "Жайкы кийимдеримди салыштырып, кышкы кийимдеримди чыгарайын дедим эле"- деп жооп берет.
Аял заты назик келет, аларды бир жакшы сөз ыраазы кылып, бир жылмайуу кайгы-капасын кетирет.
Өз аялына кичи пейилдик, жумшактык жана сылыктык менен мамиле кылуу-чыныгы эркектердин сыпаты.
Пайгамбар соллаллоху алайхи васаллам айтты: "Аялдарды сыйлуу адам гана сыйлайт, наалатка калган адамдар гана кордойт".