Толгоосу толуп, эже келип калды окшойт карап коюнчу, деген созун укпай эшикти жаап койду. Ан сайын бели кучоп, алдан тайып турган келин, туруга дарманы келбей кыйкыра баштады. Эки саат мурун келген келинди, толгон жетиле элек деп, бир комнатка камап койгон эле. Озу эртен чыга турган келиндин жентегин жеп, ары жакта аялдар менен отуруп алды. Омурундо мындай ооруну корбогон келин, жардам бергиле деп кыйкырып жатты. Бир убакта баланын башы, корунгонсуп калды эле, дагы кыйкырды. Эжэээ? Жооп жок. Алар шарактап отуруп келинди укпайт да эле. Кызуурак болуп калгандыктан, баары шарактап отурушат бала жууп. Бир убакта чыдамы кетип, кроваттан тура баштады эле кан шаар эткенден кийин эле, болк деп бир нерсе чыккансыды. Турган абалында, карай албай, алы кетип, эси ооп муздак полго тарс этип жыгылып тушту. Канча убакыт отконун билбейт, козун ачса, капелница сайып жаткырып коюшуптур. Козун ачканда эле, балам кана? Ал жакшыбы деп сурап кирди. Баардыгы унчугушпайт. Бир нерсе болду да ээ? Эмне болду? Эмне унчукпайсынар деп бакырып кирди. Сага кыжалат болгонго болбойт, деп соротуп жатышты. Журогу сезгендей, тыбырчылап кыйналып чыкты. Бул анын тун баласы эле. Канчалап кутконун ойлогондо журогу жарылып кете жаздады. Кичине эс алсын, деп уйку дары сайдыртып, дагы жаткырып койду. Чындыгында келин бар экенин да унутуп калышкан эле. Уну чыкпай калганына андан сайын, унутушту. Качан Гана саат алты болуп калганда, кичине соолукканда эсине келди да, бир нерсени эстегендей чуркап жоноду. Келсе бала чыгып, канга боёлуп эчаак муздап калыптыр муздак полдо. Келин да озун жоготуп жерде жатат. Эркек уул болгондуктан, колому чон болуп торолгон экен. Тез арада, баарын арчып, баланы ак кепинге ороп, келинди тазалап жаткырып коюшту. Келген келиндин куйоосуно, кечиргиле баланар олук торолду деп калп айтып жашырып ташташты. Кантип? Кече эле узиден кыймылдап жатпады беле? деген ойлор менен жолдошу уйго кайтты. Бул кунду, аябай чыдамсыздык менен кутуп жаткан эле, уй булоосу менен. Анткени бул тун небереси боло турган. Келин озуно келгенде, куйоосу жанында отуруптур. Балам дегенде эле, башын кучактап жолдошу ыйлап кирди. Аллахым берерин унутпасын, балабыз олук торолуптур. Суук кабарды укканда, андар бетер жаман болду келин. Алдаба? Мен билем ал тируу болчу. Кантип? Качан? деп жатып аран озуно келди. Ооруканадан чыккандан кийин, ымыркайды жайга берип отуруп калышты. Келин баарын баштан откорду толготуп жатканда бала, тируу эле кантип анан? Жооп таба албай копко турду. Бул аялды эч ким кетире албай койгон. Анткени бул ушул орукананын башчысынын карындашы боло турган. Буга чейин да канча келинди ыйлатты эле эсепсиз. Айылда торот уйу жок болгондуктан, баары районго келер эле. Бул жерде, сен кандай болсон, айлананда ошондой адамдар чогулат, деген сыяктуу баары окшош эле. Арыз жазып, майнап чыкпаганын билген келин, жолдошуна окууга барам деди. Айтканынан кайтпаган келинди жолдошу жакшы билер эле. Макул озун билесин. Эртеси эле борборго келип, окууга тапшырды. Врач кесибин жети жыл окуп, ийгиликтуу аяктады. Анын ортосунда эки балалуу болуга жетишти. Келинде бир эле максат болоор эле. Мен жетишим керек, мен женишим керек. Канчалан наристелер олуп кетип жатат. Мен созсуз жардам беришим керек деген. Ошентип окууну бутуп районго врач болуп иштеп калды. Баягы адамдар жок, баардыгы жаныланып калыптыр. Кун алыс торот уйуно Жаны келиндер келишет. Торотконуно кубанып ыраазы. Мурда быша элек деп карабай койсо, азыр тез тез кабар алып турат. Чочутуп албайын деп, сылык суйлоп копчулугун торотту. Канча наристенин киндик энеси болду ким билет. Кубанычында чек жок эле. Ар бир бала дени сак торолгону учун, Аллахка жашырынып ыраазы болуп ыйлап да журду. Бир куну апакемди куткарып калын эже деп, болмого бир жаш келин кирип келди. Ыйлап козу шишип да бутуптур. Шашылып жанындагыларды эрчитип сыртка чыкса, мындан коп жыл мурун, биринчи торотун кабыл алган аял туруптур. Бети башы кан озун билбей , машинеде жатат. Жол кырсыка учураган го. Шашылып тез арада реанимация болумуно алып киришти. Кан коп кетип калгандыктан, убакыт аз эле. Шашылыш капелницаларды катарынан сайып жатып, канды аран токтотушту. Катуу темирге башы тийип чайпалгандыктан, каны токтобой жатты эле. Шаарда тааныштарына чалып, тез арада дары дармегин да алдыртты. Жакшы иштегендиктен, таанышы да кобойуп калган эле. Бир ай озу карап, дарылап журуп, жыйырма сегиз кундо комадан козун ачты жанагы аял. Кызынын кубанычында чек жок эле. Эже кантип, сизге соз айтаарымды да билбей турам. Аллах ыраазы болсун деп, колунан ооп ыйлап жиберди. Эки уч кун откондон кийин, аял эми жакшы тааныды ким экенин. Туруга дарманы келбесе да, кечир кызым кечир мени. Мен айыптуумун биринчи баландын олумуно. Акыйкатты айтпаганым учун кечир деп, козунон жашы, басылбай куюлуп жатты. Колдорундан сенин, журогундон сенин кек сактабаган. Олуп калышым мумкун эле, сен жок болгонунда. Муну экоонон башка эч ким тушунбойт эле жанындагылар. Кызы да эч нерсеге тушунбой карап турду. Болду эже откон иш отту, кайра аны эстей бербен. Эртерээк жакшы болуп чыгын. Баарыбыз эле кек сактай берсек, бул дуйнону жалан булганыч адамдар ээлеп албайбы. Анан кантип Пайгамбарыбыз (Салалоху Алейхи Вассаламдын) уммотубуз деп айтабыз. Колундан келсе жакшылык кылгыла деген, аны сиз да жакшы билесиз деп, мандайынан ооп жылмайып чыгып кетти. Мына бугун да, бироонун жанын аман алып калды. Качанкы болуп откон, кайгысын унутуп, Аллахка ыраазылыгын билдиргени эшике чыкты. Оо Аллахым биздин кетирген куноолорду кечире кор. Журогубуздогу мерездикти алып чык. Озун кудуреттуусун озун мээримдуусун деп алаканын жайып дуа кылды.
Журогундо кыпындай текебердик болсо, бейиштин жытын дагы жыттабайт дейт. Ар бириндин журогундо Ыйман болуп, жакшы ишти кыла билели туугандар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 5