Бул хадисте бардык суроолоруңа жооп табасын. Бул хадисти бекем карман, аны менен жаша, өкүнүчтө калгандардан болбойсун!
- Мени күнөөлөрүмдөн эмне тазалайт?
- Көз жаш, баш ийүү жана оору.
- Кайсы жакшылык Аллах алдында жогору?
- Жумшак мүнөз, жөнөкөйлүк жана кайгыларга кайрат кылуу, тагдырга ыраазы болуу.
- Кыямат күнү Аллахтын каарынан коопсуз болгум келет.
- Аллахтын жараткан нерселеринин бирөөнө да ачууңду келтирбе.
- Дуаларымдын кабыл болушун каалайм.
- Арам тамактан алыс бол, дуаларың кабыл болот.
- Күнөөлөрүмдүн азаюусун каалайм.
- Күнөөлөрүңдүн кечирилүүсүн тиле, күнөөлөрүң аз болот.
- Адамдардын арасында мартабалуу болууну каалайм.
- Иштерин тууралуу адамдарга даттанба.
- Ыйман