Өз учурунда Атамбаевдин автобусуна батпай,көчөдө байкушка окшоп калган журналист эсиңердеби? Жок,жок бул семирип кеткенинен эмес,өзүнө караштуу журналистерди чакырып,оппозициялык маанайдагы журналистерди автобустан түшүрүп салган. Ошол видеону көргөн кишинин Бокеме боору оорубай койбойт. Зато азыр көчөдө даң-даң басып жүрөт.
ПЛОВ ПАТИ!
Кече Тукемдин туулган күнүн достор чогу белгиледик! Мындай караганда бүт кыйындар! 5 каналдын дегеде Кыргызстандын эң мыкты журналистери Болот Абдыжапаров,Бакыт Койчуманов, азыркы учурдун акардеон королу Канат Ирназаров, золотой голос Кыргызстана Алтынбек Борошов, дагы бир кыргыздын чыгаан уулдарынын бири сиздердин сүймөнчүлүгүңүздөр Турсунбай Шарапов ,кара тору мактанса жарашчудай ,далай кыздардын жүрөк оорусу Самат Жаманбаев кыскасы бүт күчтүүлөр. Ичинен эң эле жөнөкөйү мен экенмин. Эмнеси болсо да достук бекем!
Анегдот,ыр ха ха бүт бардыгы саат 3 кө чейин уланды. Кезектеги Болот досубуз алып кетти. Ар дайым достугубуз бекем болсун! Бар болгула досторум!
#достукпловпатиынтым
Москвада Аликбек Жекшенкулов болсо Бишкекте Курсант Тажибаев.
Кече күнү Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Москва шаарында Кыргызстандык активистер үчүн ооз ачар уюштуруп,көпчүлүктүн башын бириктирди . Муну менен элчи ынтымакка чакырып,жакшы иш жасады. Ал эми бизде так ушундай ооз ачтыны "Кенч Ордо "чайканасына бүгүн Курсант Тажибаев досубуз өткөрүп берди. Жекшенкуловдон эмнеси кем? Ашса ашат,тек калбайт! Көпчүлүк достордун колдоосу менен биздин команданын атынан "Кенч Ордо "чайканасына Курсант өкүл болуп дайындалды. Кийинки "плов пати" Дурус досубузда.
#Досторынтымакмөсквабишкек
ЧЕМПИОНДОР! Бүгүн Бишкек шаарынын Ерем спорт клубунда чемпиондорду тосуп алуу аземи болуп өттү. Дүйнөнү багынткан эр азаматтарга даңк! Кыргыз желегин дүйнөлүк аренада ар дайым желбиретип ,намысты бек сактап жүрө бергиле! Өлкөбүз желеги президенттер жолугушканда анан спортчулар ийгиликке жетишкенде гана гимн ойнолуп, көтөрүлөт. Демек спортко көңүл буруу керек. Бүгүн жеке Шайлообек Атазовдун демилгеси менен өткөрүлдү.
Силер менен сыймыктанабыз!
Келечектеги кыргыздын элиталары!
Ишенимдүү булактардын билдирүүсүнө таянсак бүгүн Бишкек шаарында Маевка айылында "Ильбурс"кафесинде Самат,Канат,Дурус,Улан,Курсант,Болот аттуу өздөрүн "элита " сезген жаштар чогулуп,2020-жылда өтүүчү парламенттик шайлоого даярдыктар жөнүндө сүйлөшүптүр. Сүйлөшүү көпкө узап ,бүткөн соң менин адамдарым "сауна ,сауна "дегенин гана эшитип калышыптыр. Кай тарапка кеткени белгисиз . "Иши кылып шайлоого даярданып жүрүшөт да "деп,койдум. Эгер шайлоого ошентип даярданса мен дагы кийинкисинде барам. "Шайлоо жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрөт,кел" десе,мен жинди шайлоого катышпайм деп коюптурмун .
Көрсө элита болуш үчүн элитный саунага, Маевкадагы "Ильбурс" кафесине баруу кер