Ат-башылык жаштар төшөктө жатып калган Маликанын дарылануусуна каражат чогултуп жатышат.
Ат-Башынын 1992 - жылы туулган жаштарынын демилгеси менен Мухамеджан кызы Маликанын дарылануусуна жардам көрсөтүү максатында кино тасма коюлмакчы.
Бул тууралуу уюштуруучу Алымбеков Эсентур билдирди.
Малика 1992-жылы Ат-Башыда туулган. Ал азыр оор акыбалда. Буга чейин жакшынакай эле жүрчү.
Бир үйдө тайкесин, анын баласы (2-топтогу майып), эжесинин эки баласын, өзүнүн үч иниси, анан өзүнүн эки баласын бакчу. Малика жакшынакай эле жүрүп, ооруп калды. Оорусу белгисиз, диагнозу коюла элек, өзүнөн өзү эле буту-колу кыймылдабай, төшөктө жатып калды.
Кошумчалай кетчү жагдай күйөөсү таштап кеткен, ал эми ап