«УЛУТТУК АРАКЕТ» УЛУТТУК УЮЛДУК ОПЕРАТОР ҮЧҮН!
Урматтуу мекендештер!
Кыргызстан байланыш (телефон, интернет) үчүн жылына 15 миллиард сом коротот. Тилекке каршы ушул каражаттын басымдуу бөлүгү, тагыраагы 10 миллиард сом же болбосо $150 миллион долларга чукул каражат сыртка чыгып кетип жатат.
Кантип дебейсизби?
Анткени өлкө аймагында 3 уюлдук оператор бар. 1.Мегаком 2.Билайн 3.Ошка. Бул операторлордун ар бири болжол менен жылына 5 миллиард сомдон киреше табышат.
Булардын ичинен бирөө гана улуттук оператор болгондуктан МЕГАКОМ гана тапкан 5 миллиард сомун өлкө аймагында алып калат. Ал эми БИЛАЙН менен ОШКА чет элдик оператор болгондуктан алар тапкан 10 миллиард сомун ч
Ушинтип орозо да бүттү. Элдер орозодо укмуш өзгөрөт экенбиз. Бир ай Кудайлап эле калдык.
Бирок эртеңден баштап баягы адепсиз адаттарыбызды кайра баштайбыз.
Бир айга жеткен эркибиз 12 айга жетпейби...? Орозодо эле эмес, жыл боюу эле адептүү, ынсаптуу бололучу. Бизге аябай жарашат экен...
Айт маарек болсун, жакшылар!
#Аракеттебиз...
Бүгүн, 2019-жылдын 16-май күнү мамлекеттик жана коомдук ишмер, "Легендарлуу парламенттин" төрагасы, кыргыз саясатында ат көтөргүс эмгеги менен белгилүү Медеткан Шеримкулов "Улуттук Аракеттин" офисинде болду.
Тараптар өлкөнүн кечеги жана бүгүнкү абалы, эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы барандуу күндөр жана алдыдагы келечек тууралуу ой бөлүшүштү. Кыргыз саясатынын "патриархы" катары саналган аксакалыбыз Медаткан Шеримкулович "Улуттук Аракеттин"алдына койгон максат - багыттарына кеп-кеңештерин берип, келечекте бирге кызматташуу ниетин билдирди.